Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана текечер

Бул биримдикте компромисстер жашоонун бүт жааттарында зарыл болот.



Булардын жалпы жактары бул - тажрыйба, акылы жана ойлору. Бирок булар такыр башка багытта жүрүшөт: Бөйөндөр сезимдерге жана фантазияга кириптер болуп, а Текечер болсо ойлорду материалдаштырууга болгон күч-аракетин жумшайт. Бирок булардын дал ушул ар түрдүүлүгү бири-бирин тескери түшүнсө да, эң жакшы бири-бирин толуктап турат.



Булар жан дүйнөсүнүн сапаты жагынан жана акыл-эсинин түзүлүшү жагынан жакын адамдар. Экөөн тең бири-бирине бирдей тартылып, ошондой эле деңгээлде тескерисинче болот. Булардын ар бири өзүндөгү сырдуу деген сапаттарын өз өнөктөшүнөн табат. Ошондуктан кемчиликтер аябай оркоюп, асыл-нарктары көрүнбөй калат.



Жакындашууга барганда булар жай жана сак болушат. Айкалышуу абдан узакка созулат, бирок ал убакыт бүткөн соң, булар ынтымакта жашап, элдин баарын таң калтырып, мындай үй-бүлөө абдан бекем болот.



Булардын кээ бир сапаттарын карама-каршы деп да, окшош деп да айтууга мүмкүн эмес: булар жөн эле бири-бирин толуктап турушат. Бөйөндөр коопсуздукту жана комфортту жактырышат, ал эми Текечерлер - атак-данкты сүйүүчүлөр. Атак-даңк болсо комфорттуулукка жана ишенимдүүлүккө жол салып, бул аларды бириктириши мүмкүн.



Бул зодиак белгисинин өкүлдөрү өткөн күнгө байланып турат. Бөйөндөр өткөн окуяларга кызыгып, өз башынан өткөн окуяларга санаа тартат. Текечерлер өткөн тажрыйбадан сабак алып, "өткөн күндүн иштери" менен суктанат. Экөө тең үй-бүлөөлүк коломтону жана бир туугандыкты сыйлашат. Бөйөндөр энесине абдан байланыштуу болот, ал эми Текечерлер ата-эненсинин экөөнү тең жакшы коруп, бүт ата-энелик биртуугандар тамырын да жакшы көрөт, өзгөчө бул тамырдын ичинде баатырлар же кандайдыр бир таасирлүү адамдар болсо.



Шартка ылайык бул экөөнүн достору аз, бул адамдар башкалардан калкаланып же бөлүнүп жашаганды жактырып, бир нече үй-бүлөө менен гана мамиле түзүшөт. Тааныбаган же кокустан кезиктирүүчү адамдарды булардын үйүнөн таппайсыз.



Ошондуктан булардын никеси үчүн эң башкысы өз түгөйүнөн жаңы нерселерге үйрөнүү жана өз ара баш ийүүчүлүк каалоосу. Бөйөндөргө иш-аракеттеринде тартиптүүлүктүн жана жоопкерчиликтин сезими керек болот, ал эми Текечер болсо укмуштай сезимталдуулуктун жана элестетүүнүн дүйнөсүн ачып, балалык ыракатты кайтарат.



Финансы суроолорунда булар абдан бекем жана акылдуу, бул жаатта экөөндө тең толук гармония, экөө тең чогултканды жакшы көрүп, коротконду жактыра бербейт.



Мындай никенин эң жакшы варианты Текечер-мырзалар жана Бөйөн-айымдар арасында жакшы болот. Аялы көп учурда депрессияга кабыл болуучу Текечерлердин чыныгы сооротуучусу болот, а бул алар үчүн жандай маанилүү. Бир жагынан, эгер Бөйөндөр материалдык жактан корулган болсо, анда булар өз түгөйлөрүн урматтап жана корулап, жылуу сезимдер, чын дилдик, назиктик, ишенимдик жана берилгендик менен курчашат. А бул Текечерлерге ушунча жагып, оор кырдаалдарда да компромисске барууга аракет кылат. Ушундай шарттарда үй-бүлөөгө бекем болууга эмнеге болбойт?

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1240, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо