Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана суу пери

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана суу пери

Көп учурда, бул мамилелер түгөйлөргө көп бакыт тартуулабайт. Өз ара сыйлоолор да, дене тартылуулары да жардам бербейт. Бирок сүйүү дайыма астрологиялык белгилерден өйдө турат. Ушундайлар да болот, жашоо - ар түрдүүлүгү менен кызык. Бөйөндөр Суу перилерге сезимдеринин болгон байлыктарын тартуулап, жан дүйнөсүнүн ачкычын берет, бирок Суу перилер муну жакшы түшүнбөй, өнөктөшүнүн сезимдерин баалабайт.



Албетте, булардын жалпы бир окшоштугу бар бул - алардын кызыктай болуусу. Жана бул эң башкысы. Суу перилерге күтүлбөстүк жана ар түрдүүлүк мүнөздүү, ал эми Бөйөндөр болсо өзүнүн кыялкечтиги жана маанайынын өзмөрмөлүгүнө себептуу кызыктай көрүнөт.



Булар чыныгы шериктештер, алар дайыма акча жаатындагы маселерде келишимге келип, үй-бүлөөлүк жана иш жаатындагы маселелерди бирге чечишет. Бул чыныгы акыл-эстин түгөйү, бул экөөнү эпчилдик жана жашоого болгон реалдуу көз караш бириктирип турат. Бирок, ошону менен бирге, буларга чер жазышып маектешүү оорураак жана андайга убакыт жок. Түгөйлөрдү жашоого болгон реалдуу көз караш жана эпчилдик байланыштырып турат.



Мындай никеде, түгөйлөрдү чоң сыноолор күтөт. Көп учурда Бөйөндөр Суу перилердин романтикалык жалынына ашыкча маани бергени айкын болот. Албетте, Бөйөндөр өз санааларын көрсөтпөй, ага чыдайт, эгер Суу перилер материалдык жактан камсыз болгон жашоону берип, социалдык жактан ийгиликтүү болсо. Суу перилер окуялар менен жашап, Бөйөндөр сезимдер менен жашайт. Бирок, Суу перилер Бөйөндөрдүн сезимдери менен ачык башкаруу варианты да мүмкүн, ошондуктан көп учурда бул мамилелер Бөйөндөрдүн пайдасына болбойт. Өз кезегинде, Бөйөндөр да Суу перилер менен башкаруу мүмкүндүгүн колдон чыгарбайт, ал эми Суу пери болсо мындайлардан дайыма качып турат. Тилекке каршы, мындай никелешүүнүн жыйынтыгы психоматикалык оорууларга алып келет.



Сексуалдык тартылуулар, албетте, бул экөөнүн ортосунда бар, жана таанышкан кезден тартып эле пайда болот. Булардын экөө тең өзүлөрүнүн сүйкүмдүүлүгүн сезип, өнөктөшүн кызыктуруу үчүн колдонгонду билишет.



Мындай никеде мистикалык фатализм жана мистика, динчилдик жана ырым-жырымдык көп. Эгер мамилелер ураса, бир заматта жана күтүүсүздөн болот. Эгер бул нике эсеп аркылуу курулса - анда бул нике өзүн актабайт. Бирок, мунун баарына карабай үй-бүлөөлүк түгөйлөр көптөгөн жылдар бою бирге болушу мүмкүн.



Ал эми никедеги мүдөөлүк өнүгүүгө кайрылсак - мында жакшы жактары да бар, Суу перинин өзгөрмө жана ремормалуу мүнөзү көп учурда Бөйөндөргө салттуулук менен чектелбеген жаңы горизонтторду көрсөтөт.



Кээде өнөктөшүнүн өзгөчөлүктөрү экинчисинин кыжырын келтире баштайт, мындай кырдаалда бири-биринен эс алуу зарыл. Бөйөндөрдү Суу перилердин чукулдугу жана кулак туруучулугу таарынтат, Суу перини болсо, тескерисинче, Бөйөндөрдүн сырдуулугу жана өтө эле таарынчаактыгы жинин келтирет.



Сиздерге мындай никенин гармониясынын сырын ачып берели - Бөйөндөр өз иштери менен иштеп, ашыкча суроолорду бербоо зарыл, кыйкымдабагыла жана жакындарыныздын туулган күндөрүн, аттарын жана даректерин эскертип эле койгула. Суу перилер Бөйөндөрдү сүйүүсү мунун куурчап, жан-дили менен жана тилектештик менен угуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1137, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо