Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана эгиздер

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана эгиздер

Эгиздер бөйөндөр үчүн өтө эле үстүртөндүү жана муздак, бөйөндөр, өзү көнгөндөй, өнөктөшүнүн бай сезимдерин көз көргөзбөй катып койгон деп ойлойт. Бирок, бул жерден алар жаңылышат! Ал эми эгиздер үчүн бөйөндөр өзүнө тартуучу сыйкырдуу сыр. Буларды көп нерселер байланыштырып турат, алардын ичинде ыраатсыздуулук жана кандайдыр бир ар түрдүүлүк бар. Бөйөндөрдүн сезимдери таарынычтан эркелетүүгө, эркелетүүдөн кайра таарынычка алмашып турат, Эгиздерде болсо - бири-биринен аша түшкөн идеялары көп.



Эгиздер сезимдерге көңүл бурбай, баардыгын жеңилдетип жана апырта берет. Бөйөндүн жашоосу болсо өнөктөшүнө таптакыр түшүнүксүз, өтө сезимталдуу жана терен. Бөйөндөрдүн умтулуусу анын өнөктөшүнө түшүнүксүз жана кызыксыз, ал эми Эгиздерди кызыктырганды, Бөйөндөр түшүнөт, бирок абдан терең кабыл алат. Мамилелер ортосунда түйшүктөр жетиштүү, алардын биргелешкен жашоосу оор жана кызыксыз.



Бөйөндөр бат таасирленүүчү жана сезимталдуу. Бирок Бөйөндөрдү кантип калканынан чыгаруу эгиздерге белгилүү. Эгиздер - өзүн байлануулардан өйдө коюуучу, түбөлүк саякатчы, түбөлүк наристе... Бөйөндөр болсо - чыныгы энелик (же аталык), бекем, назик, жылуу жана ынандыруучу. Бул экөөнүн бири-бирин таап, ажырашып, кайра кезиккенине таң калбай эле койсо болот...



Алоолонгон кумар сезимдерине биринчи убакта батышат. Ал учурлар түгөнгөндө, ролдорду бөлүштүрү зарыл болот. Бул учурда, курчуган мүнөздөрдү түздөө максатында укуктардын жана жоопкерчиликтердин формализациясы жардам берет.



Бул дуэтте ар биринин акча жана эркиндик жаатында, өзүлөрүнүн көз караштары бар. Булар ар башка дүйнөнүн жашоочулары. Канчалык эгиздер сезимталдуу жана бөйөндөр логикалуу болсо, ошончолук бири-бирин түшүнүүгө мүмкүнчүлүктөр көп, демек, эгиздер - аял киши, бөйөндөр - эркек киши болгондо, никенин мүмкүндүктөрү көбүрөөк болот. Эгер бөйөндөр эгиздердин эркиндигин чектебесе, анда бул нике бекем болот. Эгер бөйөндөрдө, өзүнүн тез жүрүүчү өнөктөшүн, тушоого умтулуусу пайда болсо, эгиздер аба менен аралашып жок болуп кетиши мүмкүн. Эки зодиак белгисиндегилер күнү-түнү жумушта болуп, бири-бирин көп көрбөсө, мамилелер кичине туруктуураак болот. Ошондой эле биримдикти, биргелешкен чыгармачыл иш бекемдейт.



Силердин көңүлүңөрдү буруп, айтып коюуу биздин парыз, мындай айкалыштардын арасында аягы бактысыз бүткөн никелер көп, анткени бул астрологиялык оор айкалыштардын бири. Көп учурда мындай чыгармачыл адамдардын биримдиги бакты-таалайсыз. Бирок, жыйынтыкта, жан-дүйнөлүк түйшүктөр алардын чыгармачылыгына жардам берет...



Эгер алар ийгиликке кадам салууда, максаттары ар башка болсо да, биримдикте болушса, анда алар жакшы достор, жардамчылар жана өнөктөштөр. Бирок, алар, бири-биринин адаттарына айкалышуу абдан оор.



Баарынын ичин күйгүзүп, булардын никеси узак болот, эгер түгөйлөр кемчиликтерине баш ийип, майда-чүйдөлөргө көңүл бурбай, чындыгында бири-бирине жаралгандыгын түшүнүшсө.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1215, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо