Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана бийкеч

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана бийкеч

Эң жакшы достук, сүйүү, үй-бүлөөлүк, ишмердик жана курдаштык мамилелер. Үй-бүлөөлүк мамилелер эң башкы болуп калышы мүмкүн, анткени өнөктөштөр тез эле өзүлөрүнүн өзгөчө дүйнөсүн курушуп, ал дүйнөсүндө бекинип алышат. Анткени, таза акыл-эс жана алоолонгон сезимдер, муздак кандуу рационалдык жана чексиз эмоционалдык элестетүү акыр-аягы кезикти десек болот. Бөйөндөр мамилелерге сезимталдуулукту алып келип, Бийкечтер аларды көлөмдөштүрүп тартипке салат. Анткени, булар экөө тең эптүү жана үй-бүлөөдө жашаганды жакшы билишет.



Бир жагынан, конфликтердин түпкүрү Бөйөндөрдүн өзүмчүлдүк камкордугу жана Бийкечтердин чектөөлөрү болушу мүмкүн. Мындай учурда Бөйөндөр Бийкечтерге жол берип, өзүнүн кучактоолору менен аларды думчуктуруп албоо зарыл.



Эки белгинин тең "үйчүл" деп кабыл алуу коркунучу бар. Булардын ар бири үйдө башка болуу зарыл деп ойлот, мисалы: жумушка кызгануучулук.



Эки зодиак белгиси тең жумушка болгон бекем жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланат. Булар экөө тең эмгектен кумар алышат. Ошондуктан, экөө тең бир жумушта иштесе жакшы болот. Максатка жетүү үчүн бир ишмердүүлүк жана бир бута, буларды абдан жакындатат. Бөйөн дагы, Бийкеч дагы өз өнөктөшүнүн мүдөөлүк умтулууларын колдоп, булардын кызыгуулары, идеялары жана курдаштары жалпы болот.



Финансылык маселелерди чечүү мамиледен жумушка жай агып чыгат. Булардын кимиси акчаны көбүрөөк баалашы белгисиз. Анткени, экөө тең кедейликтен коркушуп, акчаны таба билбестен, аны сактаганды да билишет. Бөйөндөрдүн жанында Бийкечтер бул маселе жаатында өзүлөрүн жайлуу сезишет, анткени өнөктөшү да финансы жаатында санаада болот.



Булардын бардык теңтуштарынын ичинен - бири-бирине булар эң жакшы достор. Качан асмандагы ай кете баштаганда(Бөйөндөр айга таасирлүү келишет), Бөйөндөр депрессияга чөмүлөт, мындай учурда Бийкечтер дайыма тыкаттык менен жуулуп жана үтүктөлгөн көйнөгүн дайындап коёт. Бул биримдикте назик сүйүү былдыроолору болбойт, бирок иш жөнүндө сүйлөшүүлөр, реалдуу ойлор жана идеялар, пландар жана ниеттер, иш пайдасына эптүү ишмердүүлүктөр болот. Жана мындай никеде түгөйлөр мүдөөлүк талаптар менен да, материалдык жыргалдыктар менен да камсыз болуп, жашоосуна ыраазы болушат.



Бөйөндөр үчүн мындай никеге жаштык жортуулдарынан кийин, толкундары токтогондон кийин баруу зарыл. Эгер Бийкечтер, ал убакка чейин, ийгиликсиздиктин ачуу даамын таткан болсо, анда булар толкундаган жашоодогу бири-бирине чыныгы жөлөк-таяк болот.



Бул биримдикте Бийкечтер да, Бөйөндөр да тынч жана жөнөкөй болуп, бири-бирин ийүүгө себеп жок. Ошондуктан, бул эки зодиак белгисинин ортосунда болуп жаткандын баары - жөн эле жакындык жана жалпылык эмес, терең жана байланычтуу биримдик. Булар эч качан түбөлүк ажырашып кете алышпайт, жана айланасындагылар ойлобосо да, элестете албаса да, булар кайра биримдикте болушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 692, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо