Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бөдөшов, Атайбек

Обончу-композитор, комузчу Бөдөшов Атайбек Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 1951-жылы 29-мартта туулган. Музыкага болгон шыгы эрте ойгонуп, 2-классынан баштап комуз, мандолина, аккордеондо ойноп, өздүк көркөм ийримдерине катышып, алгачкы ийгиликтерге жетишкен жана райондук, облустук кароо-сынактарда баалуу сыйлык, дипломдорго ээ болгон.

Алгачкы обондорун 1960-жылдардан баштап жазып, 1965-жылы К. Курманбаевдин сөзүнө жазылган «Кыргызстаным» аттуу обону алгачкы ийгиликтерди алып келген. Ушул эле ыры 1969-жылы республикалык кароо-сынакта 2-орунду жеңип алган.

1969-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайга келип, аккордеон адистигине кирип, мындан сырткары композитор А. Жаныбековдун композиция классынан таалим алган. 1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Композиция бөлүмүнө тапшырып, композитор Таштан Эрматовдун классында билим алган. Кесиби – композитор, аккордеончу, оркестрдин дирижеру. Окуу жайды аяктагандан кийин көп жылдар Чүй облусунун райондорунун маданият бөлүмдөрүндө эмгектенген. 40 жылдык чыгармачылык жолунда 200дөн ашык ыр-романстарды, комуз үчүн күүлөрдү жана аспаптык чыгармаларды жараткан. 1986-жылы К. Эралиева менен бирге «Айыл кечи» ноталуу ыр жайнагын чыгарган. Өзүнүн «Өмүрдүн добулбасы» аттуу ноталуу ыр жыйнагы 2001-жылы жарык көргөн.

2007-жылы жубайы К. Эралиева менен бирге чыгарган «Күн балдары» аттуу балдар үчүн ноталуу ыр жыйнагы Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучуларынын музыка сабагында жана класстан тышкаркы ийримдеринде кошумча хрестоматия катары сунушталып, бүгүнкү күндө республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу куралы катары колдонулуп келет.

Бир нече басылмалар чыгарган ноталуу ыр китептерде, Бүткүл Союздук «Мелодия» фирмасы чыгарган грампластинкаларда, компакт-дисктерде А. Бөдөшовдун чыгармалары орун алган. Кыргыз радиосунун Алтын казынасына А. Бөдөшовдун 100гө жакын ыр-күүлөрү кабыл алынган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2008-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2008-жылы Р. Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

Балдар үчүн чыгармалары

«Бекназар баатырдын арманы» (1991)
«Аксы кайрыктары» (1992)
«Коңур кербез» (1993)
«Бек бол, Кыргызстаным» (1997)
«Мезгил закымдары» (1998)
«Шаңдуу кербез» (1999)
«Аккан суу» (2003)

Эсте калган обондор компакт-диск, 2008, Жашыл арал компакт диск, 2008 (К. Эралиева менен бирге).

Айыл кечи: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. (К. Эралиева менен бирге). Өмүрдүн добулбасы: Обондуу ырлар – Б.: Басма-тамга, 2001. Күн балдары: Обондуу ырлар. – Б.: Учкун, 2007, 2008. (К. Эралиева менен бирге).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)