Блок Александр Александрович

Алекса́ндр Алекса́ндрович Блок (16(28)ноябрьда1880, Санкт-Петербург, Орусия империясы — 7 августта 1921, Петроград, ОССФР)— орус поэти, XX кылымдагы орус адабиятынын классиги, Орусиянын улуу поэттеринин бири.

Александр Александровичтин атасы — Александр Львович Блок (1852—1909), юрист, Варшава университетинин профессору.

Энеси — Александра Андреевна, кыз кезиндеги фамилиясы Бекетова, (1860—1923) — Санкт-Петербургск университетинин ректору А. Н. Бекетовтун кызы. Александра 18 жашында турмушка чыгып, үй-бүлө бакыты көпкө созулбайт. Баласы Александр төрөлгөндөн кийин күйөөсү менен болгон мамилесин үзөт. 1889-жылы Синодтон күйөөсү менен болгон никени бузганы тууралуу указды алып, гвардия офицери Ф. Ф. Кублицкий-Пиоттухка турмушка чыгат. Бирок баласын биринчи күйөөсүнүн фамилиясы менен калтырат.

Александр тогуз жашында өгөй атасы жана энеси менен бирге Петербург шаарынын лейб-гренадерск полкунун казармасындагы батирлердин бирине жайгашышат. Ошол эле жылы Введенск гимназиясына окууга берилет. 1897-жылы энеси менен бирге Германиянын Бад-Наугейм шаарында жүргөн кезинде Блок Ксения Садовскаяга болгон жаштык сүйүүсүн башынан өткөрөт. Ал бийкеч Блоктун чыгармачылыгына чоң из калдырган. 1897-жылы Петербургта Вл. Соловьевьев менен жолугушат..

1898-жылы гиназияны бүтүп, Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырат. Ал жакта үч жыл окуган соң, Петербург университетинин тарыхый-фиологиялык факультетинин славян-орус бөлүмүнө которулуп, 1906-жылы аня аяктайт. Университетте окуп жүргөн кезген Блок Сергей Городецкий жана Алексей Ремизов менен таанышат.

Ошол учурда поэттин алыскы туугандарынан болгон байкеси, кийинчереек поп Сергей Михайлович Соловьёв (кичи), Блоктун жакын досторунун бирине айланат.

Блок биринчи ырларын 5 жашында жараткан. 10 жашында Александр Блок «Корабль» журналынын эки номерин жазган. 1894-жылдан 1897-жылга чейин байкелери менен бирге колдо жазылган «Вестник» журналын чыгарат. Александр Блок кичине кезинен ар бир жайды Москвага жакын жайгашкан чоң атасынын ээлиги Шахматоводо эс алган. 8 км алыстыкта Бекетовтун досу, орустун улуу химиги Дмитрий Менделеевтин ээлиги Боблово жайгашкан болчу. Блокто 16 жашында театрга болгон кызуугусу жаралат. Александр Блок Петербургта тетралдык ийримге жазылат. Бирок биринчи ийгилигинен соң ага башка роль беришкен эмес.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)