Блинчик жасоо

Блинчик жасоо

Келгиле "блинчик жасоо" кандай экенин төкпөй-чачпай үйрөнүп алалы. Блинчиктер абдан даамдуу жана дайыма эле жегиң келип турат. Аны балдар дагы, чоң кишилер да жакшы көрүшөт. Блинчиктерди жалаң эде орустар гана жасабастан, кыргыздар деле жасайт. Келгиле анда "блинчик жасоо" экенин төкпөй-чачпай үйрөнүп алалы.

Алгач ингридиенттерин даярдап алалы. Бизге керектелүүчү азыктар төмөнкүдөй:

  1. 3 жумуртка
  2. 1 аш кашык кант
  3. 1 чай кашык туз
  4. 500мл сүт (жарым литр)
  5. 280грам ун
  6. 3 аш кашык өсүмдүк майы (суу май)
  7. 3 аш кашык ак май кууруш үчүн (сливочный май)
  8. Кошо берүү үчүн каймак же варенье

Эми "блинчик жасоо" ыкмасы:

  • Жумуртканы анча чоң эмес идишке чагып алып, кант жана тузду кошуп аралаштырабыз.
  • Сүттүн жарымын кошуп аралаштырабыз
  • Кичинеден унду кошуп, коюуу жана бирдей консистенцияга келгенге чейин аралаштырабыз
  • Калган сүттү кошобуз да, жакшылап аралаштырабыз. Андан соң суу майды кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөткө жөн эле коюп коёбуз.
  • Сковородканы ысытып (чоюн сковородка болсо жакшы), сливочный май менен майлап, блинчик консистенциясын куюп, эки бетин бирдей кылып кууруйбуз.

Мынакей блинчиктерибиз даяр, бул эң эле оңой, блинчиктерди топ кылып, кайма же варенье менен дасторконго коюлат. Тамагыңар даамду болсун. Кошумча башка түрлөрүн билсеңер пикир калтырып жазып койгула. Азыр биз болсо салттуу "блинчик жасоо" кандай экенин жаздык.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)