Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бленнорея

Көздүн былжыр челинин (коньюнктива) жугуштуу оорусу. Көздөн чылпак көп чыгат. Аны көбүнчө гонококктор пайда кылат. Б-да көз жапкагы шишип катууланат, жээги кызарат, өтө шишигенде агыш тартат. Ымыркайдын, балдардын жана чоң кишилердин Б-сы болуп айырмаланат. Ымыркай балага оорулуу энеден төрөт убагында жугат. Балдарга сүзөк (гонорея) менен ооруган, санитардык-гигиенаны сактабаган энеси жуктурат. Чоң кишилерге кир колу аркылуу жугат. Ымыркай бала төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин көз жапкактары абдан шишип, көздүн былжыр чели сезгенет; 5—6 күндөн кийин шишиги тарап, көздү чылпак басат. Демейде бир көз жабыркайт.

Б-нын белгилери билинери менен тезинен врачка кайрылуу керек, врач тийиштүү дарылоону сунуш кылат. Эгерде дарылоо өз убагында башталса, балдардыкы 3—5 күндө, чоң кишилерде 8—12 күндө айыга баштайт; кээде кабылдап кетиши байкалат. Б-да жабыркаган көздү таңууга болбойт, себеби таңгычтын алдында козгогучтарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бир көз ооруганда, экинчи көздү сактоо зарыл. Б-ны гонококк пайда кылгандыктан ымыркайда Б-ны алдын алуу үчүн эненин сүзөк (гонорея) оорусун дарылоо зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)