Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бизнес

Баш барак | Экономикалык терминдер | Бизнес

Бизнес (англисче business — иш, ишмердүүлүк) — систематикалык түрдө киреше табууга багытталган ишмердүүлүк.

Мазмуну

Кыргыз тилинде ишмердүүлүк жана бизнес сөздөрү синоним катары колдонулат, бирок, кээде ар башка мааниге ээ.

Бизнес деген эмне? Базар экономикасынын шартында бизнес негизги ишмердүүлүктүн бири, коомдун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн булагы. Өндүрүштүк, коммерциялык, консультациялык, банктык жана башка ишкердик чөйрөлөрүн камтыйт.

Жумушчулардын саны, өндүрүштүн көлөмү, ишмердүүлүк шарттары боюнча кичи, орто жана ири бизнести белгилешет. Кичи бизнес — бизнестин эң массалык түрү: шартка ылайык бул бир тектүү өндүрүмдү чыгарган жана базардагы (рыноктогу) анча чоң эмес салыштырма салмакка ээ болгон чоң эмес мекеме. Кээ бир өлкөлөрдө мындай бизнести колдоого алган мамлекеттик системалар бар, анткени ал, өзүнөн өзү уюшуп, адамдардын майда муктаждыктарын орундатып, ошол эле убакта кеңири ишмердүүлүктү камсыз кылат.

Бизнес жөнүндө маалымат менен катар, өзүн бизнесмен катары санаган адам — убакыттын өтүшү менен өзүнүн иштегенине көз каранды болбостон ага киреше алып келүүсүн токтотпой турган актив жасоо үчүн иш-аракеттерин багыттайт. Ал мекеменин ээси гана болушу мүмкүн, же ал мекемеде иштеп, же каалаган ири мекеме менен менеджмен, маркетинг, финансы ж. б. чөйрөлөрүндө өнөктөштүктү өнүктүрүшү мүмкүн.

Бизнестин тарыхы

«Бизнес» жана «ишмердүүлүк» түшүнүктөрүнүн мазмуну XIX—XX кылымдардын чегинде изилдене баштаган. Экономист А. Маршалл (1907—1968) өндүрүштүн классикалык үч факторлоруна (жер, капитал, эмгек) төртүнчүсүн — мекемени биринчилерден болуп кошкон. Ошондон тарта, ишмердүүлүк түшүнүгү жана ага ойлоп чыгарылуучу функциялар дагы кеңейүүдө.

Бул маселеге англис экономисти, 1974-жылкы экономика боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты Ф. А. Хайек (1899—1984) жаңы көз карашта караган. Анын ою боюнча ишкердиктин маңызы — бул жаңы экономикалык мүмкүндүктөрдү издөө жана изилдөө, ишмердүүлүк түрү эмес, жүрүм-турум мүнөздөмөсү. Кийинчерээк ал коомдук жана экономикалык системалардын өнүгүү өзгөчөлүгүн чагылдырган классикалык теорияларда жана эң жаңы концепцияларда улантылган.

Саясый экономиканын классикалык мектеби (А. Смит жана Д. Риккардо). Англис окумуштуу-экономисттери А. Смитт (1723—1790) жана Д. Риккардо (1772—1823) экономиканы өзүн-өзү жөнгө салган механизм катары элестеткен. Ишкер белгилүү бир пайданы ишке ашыруу жана киреше алуу үчүн тобокелдикти кабыл алууга барат, анткени, тигил же бул ишке капитал салуу дайыма өзүнө тобокелдик элементтерин камтыйт. Смиттин ою боюнча ишкердик киреше, менчик ээсинин тобокел үчүн болгон компенсациясы (ордун толтуруу). Ал аны рационалдуу (акыл-эстүү) жүрүм-турум мүнөздөмөлөрүнө туура келген «экономикалык адам» түшүнүгү менен мүнөздөгөн. Экинчи автор, Д. Риккардо бизнесте өндүрүмдүн абсолюттук, түбөлүк жана табыгый ыкмасын көрчү, ал эми ишкердикти, чарбаны эффективдүү алып баруу үчүн милдеттүү элемент катары караган.

Марксизм. Немец окумуштуусу К. Маркстын «Капитал» аталган эмгегиндеги изилдөөлөргө ылайык, жумушчудан сатып албастан, ишкердин капитал «эмгегинин» натыйжасы катары кошулган кирешенин негизин үстөк баа (кошмо баа) түзөт. Ошондуктан, бизнес — коомдо конфликттерди жаратууга жана жаратканга мүмкүндүгү бар болуп, ошонусу менен адамдардын жашоосундагы жалпы ылайыксыздыктын ролун аткарган кайчы көрүнүш.

Аванстык капитал теориясы. Бул алдыда айтылган көз карашка карама-каршы келет. Буга ылайык, ишкер, өзүнүн өндүрүмүн сата элек жатып, жумушчуларга айлык акысын төлөп жана жаңы чийки заттарды сатып алуу менен тобокелге барат.

Институционализм. Экономикалык ойдун институциалдык багыты XX кылымдын биринчи он жылдыгында калыптанган (Т. Веблен, Дж. Коммонс, У. Митчелл). Алар үч ири багытты түшүндүргөн: социалдык-психологиялык, социалдык-укуктук жана институциалдык-статистикалык. Бул ыкмага ылайык өнөр-жай жана бизнес дихотомияны (бүтүндү экиге бөлүү, бөлүгүн дагы бөлүү ж. у. с) түшүндүргөн (биринчиси — өзгөрүүлөрдүн жана прогресстин булагы, экинчиси — ага каршы турган фактор).

Формалары (дүйнөдө)

Бизнеске ээлик кылуунун формалары юрисдикцияга (юрисдиция — сот өкүмүн чыгаруу, укуктук маселелерди чечүү укугу) жараша айырмаланат, бирок, бир нече жалы юридикалык жактар бар:

Компаниялардын азыраак таралган түрлөрү:

Компания аталышынан кийинки Ltd белгиси жоопкерчилиги чектелген компанияны, ал эми PLC (жоопкерчилиги чектелген коомдук компания) акциялары кеңири ээликте турган компанияны билдирет.

Юридикалык тил менен айтканда компания ээлерин негизи «катышуучулар» деп аташат. Акциялары чектелген же чектелбеген компанияларда (түзүлгөн же акционердик капитал менен катталган) акционерлер болушат. Кепилдиги чектелген компанияларда булар кепилдөөчү же кепилдик берүүчүлөр. Кээ бир офшордук юрисдикциялар бизнести өзүнүн юрисдикциясына тартуу үчүн офшордук компаниялардын өзгөчө формаларын түзүшкөн. Мисалы, портфели сегрегирленген компаниялар жана багытталышы чектелген компаниялар.

Бирок, дүйнөнүн түрдүү юрисдикцияларында түзүлүүчү, компания түрлөрүнүн көптөгөн бөлүмчөлөрү да бар.

Компаниялар кээде юридикалык жана нормативдик максаттарда коомдук жана жеке болуп бөлүнөт. Коомдук компаниялар — бул акциялары ачык сатылуу мүмкүндүгү бар компаниялар, көбүнчө (дайыма эмес) листингдик талаптарды/чыгарылган акцияларга эрежелерди койгон фондулук биржада. Жеке компаниялардын коомдук акциялары жок жана көбүнчө акцияларды берүүгө чектөөлөрү бар. Кээ бир юрисдикияларда жеке компаниялар акционерлердин максималдуу санына ээ.

Негизги (энелик) компания — бул акцияларды, анын башкаруусун жана операцияларын көзөмөлдөө үчүн директорлор кеңешине таасир этип, аларды шайлап, башка фирманын жетишээрлик добуш берүүчү акцияларына ээлик кылган компания; экинчиси негизги компанияга туунду (дочерний) компания болуп саналат. Энелик компания аныктамасы юрисдикцияга жараша айырмаланып турат, ошону менен бирге, аныктама негизинен ошол юрисдикциянын компаниясына таандык мыйзамга ылайык аныкталат.

Классификациялар

Иш-чаралар

Бухгалтердик эсеп

Бухгалтердик эсеп — бул мекеме же корпорация сыяктуу чарбалык субъекттердеги финансылык маалыматты өлчөө, иштетүү жана берүү. Заманбап бухгалтердик эсеп 1494-жылы италиялык математик Лука Пачоли тарабынан түзүлгөн. Бухгалтердик эсеп «бизнестин тили» деп аталып, ал мекеменин экономикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасын өлчөп, маалыматты түрдүү колдонуучуларга берет, мисалы, инвесторлорго, кредиторго, менеджерлерге жана тууралоочу органдарга. Бухгалтердик эсептин тажрыйбачылары бухгалтер аталат. «Бухгалтердик эсеп» жана «финансылык отчёттуулук» терминдери көп учурда синоним катары колдонулат.

Финансы

Негизги макала: Финансы

Финансы — бул инвестицияларды изилдөөчү чөйрө же тармак. Ал өзүнө убакыттагы түрдүү деңгээлдеги белгисиздик жана тобокелдик шарттарында активдердин жана пассивдердин динамикасын камтыйт. Финансыны капиталды башкаруунун илими катары аныктаса да болот. Алар тобокелдик деңгээлдеринин жана рентабелдүүлүк негиздериндеги активдерди баалоого багытталган. Финансыны үч өзүнчө бөлүмчөгө бөлсө болот: мамлекеттик, корпоративдик жана жеке.

Өндүрүш

Өндүрүш — бул жалданма жумушчуларды жана машиналарды, аспаптарды, химиялык жана биологиялык иштетүүнү же рецептураны колдонуу менен пайдалануу же сатуу үчүн товарларды өндүрүү. Термин адам ишмердүүлүгүнүн бир катар түрлөрүнө таандык, кадимки өнөрдөн жогорку технологияларга чейин, бирок, көп учурда, чийки заттын чоң көлөмдөгү даяр өндүрүмгө айланган өнөр жай өндүрүшүндө колдонулат.

Маркетинг

Америкалык маркетинг ассоциациясы маркетингди кийикидей аныктаган: «керектөөчүлөргө, кардарларга, өнөктөштөргө жана коомго жалпы баалуулугу бар сунуштарды түзүү, берүү, жеткирүү жана алмашуу үчүн институттар жана процесстердин жыйындысы, ишмердүүлүгү». Термин, сөзмө-сөз сатып алуу, же товар, же кызматтарды сатуу үчүн чыгуу деген алгачкы түшүнүктөн өнүккөн. Маркетинг тактикасы өзүнө жарнаманы, ошондой эле, баа калыптандырууну камтыйт. Бизнес жөнүндө түшүнүккө түз-түз же кыйыр мааниде байланыштуу.

Технологиялардын өсүүсү менен маркетинг, санарип маркетинг аталган класска бөлүнө баштаган. Бул санарип технологияларды колдонуудагы өндүрүмдөр жана кызматтар маркетинги.

Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар

Илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар корпоративдик же мамлекеттик инновацияларга байланыштуу ишмердүүлүккө таандык. Изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар потенциалдуу жаңы кызмат же өндүрүмдү чыгаруунун биринчи баскычын түшүндүрөт. Илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгууларды башкаруу өтө татаал, анткени, аныктоочу өзгөчөлүгү, изилдөөчүлөрдүн көздөгөн натыйжасына кантип жетүүнү алдын-ала билишпейт.

Коопсуздук

Бизнес травмалар жыл сайын миллиарддаган долларларды чыгымга учуратат (жалпы дүйнөлүк). Компания тарабынан комплекстүү коопсуздукту башкаруу менен саламаттыкты сактоо системасын кабыл алуу жана киргизүү инциденттердин санын, жумушчулар тарабынан камсыздандыруу жана компенсация жөнүндө талаптарын кыскартаарын изилдөөлөр көрсөткөн. Көчмө же мобилдик коопсуздук түзүлүштөрү жана коопсуздук боюнча онлайн-машыгуулар сыяктуу жаңы технологиялар жумуш берүүчүлөр тарабынан коопсуздук системасына инвестиция жасоого жана мекемелердин жумушчуларын коргоосуна кеткен чыгымдарды азайтууга түрткү болуусу үчүн иштелип чыгуусун улантууда.

Сатуулар

Сатуулар — бул белгилүү бир убакыттын ичинде сатылган товар же кызматтар саны менен байланышкан ишмердүүлүк. Сатуулар көп учурда бизнестин бардык багыттарында жуурулушуп, компаниянын ийгиликке болгон ачкычы.

Менеджмент

Бизнести эффективдүү жана натыйжалуу башкаруу, ошондой эле, бул жаатты изилдөө, менеджмент (англисче management — башкаруу, башкаруу системасы) аталат. Башкаруунун негизги тармактары — финансы менеджменти, маркетинг-менеджмент, жумушчуларды башкаруу, стратегиялык менеджмент, өндүрүштүк менеджмент, операциялык менеджмент, кызматтар-менеджменти жана маалыматтык технологияларды башкаруу. Бизнес ээлери бизнесин көбүнчө өзүлөрү башкарат, бирок чоң ишкердик менен алектенгенде менеджерлерди жалдашы (жалдоого болот) мүмкүн. Менеджерлер бизнестин ээсиби же жалданма жумушчубу бизнестин баасынын үч негизги компонентин башкарышат: финансы ресурстары, капиталды (материалдык ресурс) жана адам ресурстарын. Бул ресурстар жок дегенде алты функционалдык тармактарда башкарылат: юридикалык конракттар, өндүрүш же өндүрүштүк кызматтар, маркетинг, бухгалтердик эсеп, финансылоо (каржылоо) жана адамдык ресурстар.

Мамлекеттик мекемелердин түзүмүн өзгөртүү

Акыркы он жылдыкта (2021) мамлекеттер өзүнүн кээ бир активдерин жана мекемелерин коммерциялык мекемелер түрүндө моделдешкен. Мисалы, 2003-жылы Кытай Эл Республикасы өзүнүн мамлекеттик мекемелеринин (бизнестик мекемелерин) 80 % корпоративдик башкаруу системасынын негизинде моделдеген. Кытайдагы көптөгөн мамлекеттик мекемелер акционердик коомго айланган, алардын акцияларынын бөлүгү коомдук фондулук биржаларда котировкаланат.

Бизнес процесстерди башкаруу (англисче BPM — business performance management) — бул кардарлардын каалоолору жана муктаждыктарын мекеменин бардык аспектилерин макулдашууга багытталган бүтүн (бирдиктүү) башкаруу ыкмасы. BPM дайыма процесстерин жакшыртууга аракет кылып келет. Ошондуктан, муну «процессти оптималдаштыруу процесси» деп баяндоого болот. BPM функционалдык багытталган салттуу иерархиялык башкаруу ыкмасына караганда, мекемелерге эффективдүүрөөк, таасирдүү жана өзгөрүүлөргө жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет деп айтылат.

Мекемелер жана жөнгө салуу

Көпчүлүк укуктук юрисдикциялар бизнес кабыл ала турган жеке менчик формаларын аныктап, ар бир түргө коммерциялык укуктун жыйындысын түзөт.

Бизнести уюштурууга таасир эткен негизги факторлор:

Көптөгөн мекемелер корпорация же өнөктөрштүк сыяктуу (жоопкерчилиги чектелип калыптанган же анысы жок) өзүнчө мекеме аркылуу башкарылат. Көпчүлүк укуктук системалар мындай мекемелерди белгилүү бир уставдык документтерди буга ылайык мамлекеттик катчыга же ага туура келген органга берип, учурдагы башка белгилүү бир милдеттерди аткаруу менен уюштурууга мүмкүндүк берет. Акционерлер, жоопкерчилиги чектелген өнөктөштөр же катышуучулардын мыйзамдуу укуктары жана мамилелери жарым-жартылай уставдык документтер жана жарым-жартылай мекеме уюшулган юрисдикция мыйзам чыгаруучулугу менен туураланат. Жалпылап айтканда, корпорация акционерлери, жоопкерчилиги чектелген шериктештиктеги (орусчасы — товарищество) жоопкерчилиги чектелген өнөктөштөр жана жоопкерчилиги чектелген коомдун мүчөлөрү юридикалык жактан өзүнчө «жак» же «тарап» катары каралган субъекттин карыздары жана милдеттеринин жеке жоопкерчилигинен корголгон же корголот. Бул, эгер бизнес ийгиликке жетишпей жатса, жана эрежелер бузулбаса, ээлик кылгандын жеке мүлкү мыйзам тарабынан корголот дегенди түшүндүрөт.

Эгер, эки же андан ашык физикалык жактар биргелешип бизнеске ээлик кылып, транспорттук каражаттын атайын формасын уюштура албаса, алар толук өнөктөштүк болуп каралат. Өнөктөштүк шарттары эгер ал түзүлсө, жарым-жартылай өнөктөштүк макулдашуусу менен, жана жарым-жартылай өнөктөштүк жайгашкан юрисдикция укугу менен туураланат. Өнөктөштүктү түзүү үчүн эч кандай документтер же документ тапшыруу жана мамилелерди макулдашуу талап кылынбайт (бизнести салык органдарында каттоо менен алмаштырбайлы), жана өнөктөштөрдүн юридикалык укуктары толугу менен өнөктөштүк жайгашкан юрисдикциянын мыйзам чыгаруусу менен туураланат. Бизнеске ээлик кылып жана аны башкарган бир адамды негизинен жеке ишкер деп атайбыз, түздөн-түз ээлик кылабы же формалдык уюшулган мекеме аркылуу ээлик кылабы айырмасы жок. Бизнестин муктаждыктарына жараша менчиктин кандай түрү туура келээрин кеңешчи чече алат.

Бизнести башкаруудагы эске алуучу бир нече маанилүү факторлор өзүнө кийинкилерди камтыйт:

  1. Шериктештиктеги жалпы өнөктөр (жоопкерчилиги чектелген шериктештиктен тышкары), ошондой эле, өзүнчө юридикалык жакты түзбөстөн мекемеге жеке ээлик кылып аны башкаргандар, мекеменин карыздары жана милдеттерине жеке жоопкерчиликте болот.
  2. Эреже катары «реалдуу» адамдар сыяктуу эле корпорациялар да салык төлөөгө милдеттүү. Кээ бир салык системаларында бул эки жолу салык салууга алып келиши мүмкүн, анткени, алгач корпорация кирешеге болгон салык төлөп, андан соң, кирешесин менчик ээлерине бөлүштүрөт, физикалык жактар салык декларациясын толтурууда өзүнүн кирешесине дивиденддерди киргизүүгө милдеттүү, ушундан кийин жеке киреше салыгынын экинчи деңгээли киргизилет.
  3. Көпчүлүк өлкөлөрдө кичи корпорацияларды ирилеринен башкача түшүнгөн мыйзамдары бар. Алар мыйзамдын белгилүү бир талаптарынан бошотулуп, атайын тармактарда жеңилдетилген процедурага ээ болуп, жеңилдетилген, пайдалуу же андан дагы башкачараак салык режимине ээ болушу мүмкүн.
  4. Алгачкы ачык сунуш (IPO) аталган, процесс аркылуу «ачык жайгаштыруу» бизнестин бөлүгү коом мүчөлөрүнө таандык болот дегенди билдирет. Бул мекемеден же өзүнчө субъекттен коомчулук маалыматтарын ачууну жана мыйзамдардын жана процедуралардын бекем жыйындысын тутууну талап кылат. Ачык (коомдук) компаниялардын көпчүлүгү акцияларын саткан корпорациялар, бирок, пайларын (кээде акция аташат) саткан ачык ЖЧКлар да пайда болууда, ошондой эле, башка экзотикалык мекемелер да бар, мисалы, АКШдагы инвестициялык кыймылсыз мүлк трасттары жана Улуу Британиядагы пайлык трасттар. Толук шериктештик ачык (коомдук) боло албайт.

Бизнестин түрлөрү

Макаланын башында формалары жөнүндө айттык эле, бул жакта ошол формалардын кээ бирлерине түшүндүрмөлөр аныктама сыяктуу берилет.

Өндүрүштүк бизнес

Өндүрүштүк бизнес коомдо өзгөчө маанилүү функцияны аткарган конкреттүү өндүрүштүк түзүмдөрдө ишке ашырылат (негизинен мамлекеттик эмес мекемелердин чегинде). Алар физикалык (керектөөчү товарлар) жана юридикалык (өндүрүш каражаттары) жактар колдонгон материалдык жана руханий жыргалчылыктарды өндүрүшөт.

Коммерциялык бизнес

Коммерциялык бизнес буга ылайык коммерциялык уюмдар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Алар: соода мекемелери — дүкөндөр, супер же гипермаркеттер, товардык биржалар ж. б. Негизги коммерциялык ишмердүүлүгүнүн тармагы түрдүү товарлар жана кызматтарды сатып алуу жана сатуу. Товар өндүрүүчүлөрдөн товар сатып алып, соода мекемелерине сатып мындан пайда тапкан көптөгөн мекемелердин сатып алуу-ортомчулук ишмердүүлүгү коммерциялык бизнеске кирет. Товар өндүрүүчүлөр менен соода мекемелеринин ортосундагы ортомчулар канчалык көп болсо, керетөөчүлөрдүн сатып алган товарлары ошончолук кымбат болот.

Финансылык бизнес

Финансылык бизнес — бул коммерциялык бизнестин өзүнчө өзгөчө тармагы, мында бөтөнчө (спецификалык) товарлар сатылат жана сатылып алынат, мисалы, улуттук жана чет өлкөлүк валюталар, баалуу кагаздар (акциялар, векселдер, облигациялар ж. б.). Бул бизнесте акча кредит формасында белгилүү бир убакта сатып алуучуга «сатылат», ал болсо натыйжада кредитордон алынган бардык сумманы кайтарып, аны пайдалангандыгы үчүн кошумча пайыздарын төлөйт. Акыркысы (пайыздары) бул товардын өзүнө мүнөздүү баасы, жана ал кредиттик мекемеге белгилүү бир кирешени камсыз кылат. Чет өлкөлүк валютаны сатуу, бирөөнөн алып экинчисине сатуу, ушундай эле ыкмада баалуу кагаздарды сатуу дагы финансылык бизнес чөйрөсүнө таандык, мында ийгиликтүү иш алып барууда ээсине киреше алып келген өзүнүн эмгек предмети жана даяр товары бар. Финансылык бизнес ар кандай мекеме жана уюмдар аркылуу ишке ашыралат, мисалы, коммерциялык банктар, кредиттик бирикмелер, инвестициялык жана лизингтик компаниялар, фондулук биржалар, камсыздандыруу жана трасттык компаниялар.

Ортомчулук бизнес

Мунун мааниси келишимге кызыктар болгон жактарды белгилүү бир акчалай акы алуу менен же келишимден пайызына ээ болуу менен тараптарды кездештирүү (кошуу). Жөнөкөй сөз менен айтканда издетпей таап берүү. Мисалы, кыймылсыз мүлк агенттиктери.

Камсыздандыруу бизнеси

Камсыздандыруу бизнеси финансы бизнесинин өзгөчө формасы. Камсыздандыруу компаниясы кардарларга камсыздандыруу учуру келгенде мурда төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнөн компенсация төлөп берет. Негизи, камсыздандыруу учурунун келүү мүмкүндүгү өтө аз, ал эми төлөп берүүлөр камсыздандыруу төлөмдөрүнөн жогору. Ошондой эле, камсыздандыруу белгилүү бир убакыттын өтүшүндө жарактуу. Мисалы, 100 адам өзүнүн авто унааларын авариядан бир жылга камсыздандырып, 500 сомдон камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшөт дейли (500 * 100 = 50 000). Бул мезгилде бир гана адам аварияга туш болуп 10 000 сом компенсация алган. Калган 40 000 сом жыл аягында камсыздандыруу компаниясынын таза кирешеси болуп калат.

Бизнес ачуу жана салык

Кыргызстанда жөнөкөй бизнес ачуу үчүн салык органдарынан алынган «патент» (Патент — бардык салыктары ичине камтылган, бизнес жүргүзүүгө улуксат кагаз) гана жетиштүү. Ал эми чоңураак бизнес ачуу үчүн жеке ишкер (орусча ИП, индивидуальный предприниматель, юридикалык жак катары иш алып баруу) же юридикалык жак болуп катталлуу зарыл болот. Эгер айыл жергесинде жашаган болсоңуз, юридикалык жак болуп катталуу үчүн Бишкек шаарына баруу керек. Албетте, патент алып ишкерлик менен алектенген адамдар автоматтык түрдө юридикалык жак болуп саналат, жана ар бир иштин өзүнүн жоопкерчиликтери бар. Жеке ишкер же юридикалык жак болуп катталсаңыз салык режимин тандоого туура келет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын салык кодекси менен таанышып алууну сунуштайбыз. Шилтемелер төмөндө берилет.

Төмөндө кыргызстанда бизнес ачуунун болжолдуу жолдору берилмекчи, эске салсак бул жолдор өтө жөнөкөйлөштүрүп берилген жана кээ бир жерлери туура эмес болушу мүмкүн, так маалыматты салык органдарынан билсеңиз болот.

Кыргызстанда бизнес ачуунун болжолдуу жолдору:

  1. Өзүңөр жашаган аймактагы салык мекемесине кайрыласыз
  2. Патент аласыз же жеке ишкер же юридикалык жак болуп катталасыз
  3. Патент менен иштөө
    1. Эгер патент менен иштесеңиз эч кандай салык төлөбөйсүз, болгону патенттин гана баасын төлөйсүз, ККМ (көзөмөл-кассалык машина) аласыз.
  4. Жеке ишкер болуп катталып иштөө
    1. Аймактык салык органына кайрыласыз
    2. Жеке ишкер болуп катталасыз
    3. Салык режимин тандайсыз
    4. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөйсүз (ай сайын)
    5. Банктан атайын эсеп ачасыз
    6. Мөөр, бухгалтерик кагаздарды даярдатасыз
    7. Тандалган салык режимине жараша кирешеңизден салык төлөйсүз (ай сайын же чейрек болушу мүмкүн)
    8. Чейрек сайын салык органдарына отчет бересиз
    9. Жыл сайын декларация тапшырасыз
    10. Бизнести ликвидация кылууга орточо 1 ай талап кылынат, ликвидация учурунда бардык салыктар төлөнүшү зарыл
  5. Юридикалык жак болуп катталып иштөө
    1. Көбүнчөсү жеке ишкердикине окшош, бирок, мында Бишкек шаарына барып тастыктоочу кагаздарды алып келүүгө туура келет
    2. ОсОО, АО, ОАО ж. б. режимдерин тандайсыз
    3. Мекеменин уставын даярдайсыз
    4. Жана башка бардык зарыл болгон кагаздар
    5. Ликвидация бир нече айдан, бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн

Шилтемелер

Жайгаштыруу: 2021-12-15, Көрүүлөр: 4021, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-09-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу