Бишкек

Республикабыздын борбору Бишкек бийик чокуларын кар баскан Кыргыз Алатоосунун этегиндеги күнөстүү жерден орун алган. Шаар аркылуу Ала-арча, Аламүдүн суулары, Чоң чүй каналы агып өтөт. Бишкек абдан бак-дарактуу. Көчөлөрүнүн эки тарабында түрдүү дарактар - калың жалбырактуу эмен, сымбаттуу ак кайың, жыты аңкыган акация, назик мажүрүм тал жана башкалар өсөт. Анда кооз гүлзарлуу эс алуу парктары, бульварлар бар. Ботаника багы шаардын ичинен орун алып, андагы жер жүзүндө өскөн түркүн өсүмдүктөр көргөн адамды суктандырат. Шаардын аймагында адамдар байыркы замандарда эле жашаган.

Орто кылымдагы эң ири шаарлардын бири азыркы Бишкек (7-12-кылымдар) болгон. Кийин бул жерди Кокон хандыгы басып алып, Пишпек чебин курган. 1860-1862-жылдары орус аскерлери кыргыз кошуундары менен бирге чепти тартып алып, анын дубалдарын кыйратышкан. 1878-жылы ал Пишпек аталып, уезддин борбору болуп, Кыргызстанда европалык типте салынган биринчи шаарга айлана баштаган. Падышачылык мезгилинде Пишпек Россиянын эң артта калган чет-жакаларынын бири болгон. 1926-жылы жердешибиз Михаил Васильевич Фрунзенин урматына Пишпек шаары Фрунзе деп аталган.

Азыр ошол кезде М. В. Фрунзе жашаган үй анын ысымы менен аталган музейде сакталып турат. Бишкек шаары республиканын илим, билим, саламаттыкты сактоо, маданият жана илим изилдөө мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор. Шаардын жогорку жана атайын окуу жайларынан миңдеген жаштар билим алышып, ар түрдүү кесиптин ээси болушат. Шаар Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин кайрадан тарыхый атына ээ болуп, Бишкек шаары деп аталган. Бишкекте имараттар, аянттар, көптөгөн көркөм эстеликтер жана башка кооз жайлар бар. Совет бийлигин кыргыз жергесинде орнотууда жана коргоодо курман болгондорго шаардын борборунда эстелик орнотулган.

Ал эми Ата мекендик согуштун баатырларынын эстеликтери бүтүндөй Баатырлар аллеясын ээлейт. Борбор калаабыздын түштүгүндө курулган Манас айылы архитектуралык комплексинде улуттук майрамдар, маданий массалык иш-чаралар жана башка салтанаттар өтүп турат. Т. Садыковдун Эркиндик монументи жана Эл куту эстеликтери, Ата Түрк паркында Афган согушунда курман болгондорго, Мамлекеттик сүрөт өнөрү музейинин катарына А. Токомбаевге, Эркиндик бульварына Т. Үмөталиевге эстелик коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)