Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бируков Пётр Филиппович

Бируков Пётр Филиппович - (1912, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка кыштагы 1979, ошол эле жерде) механизатор, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1929-ж. Ысык-Ата районундагы Фурманов атындагы коммунада тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930жылдан Краснореченск МТСтин тракторчулар бригадасынын бригадири, механик, МТСтин директору. Анын бригадасы тейлеген «Красный путь», Ленин атындагы колхоздор 1947-ж. 65 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 427,5 ц түшүм жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)