Бириккен улуттар уюму (буу)

Бириккен улуттар уюму (буу) –1945-жылы антигитлердик коалициянын жетектөөчү өлкөлөрүнүн (СССР, АКШ, Кытай, Англия жана Франция) демилгеси боюнча түзүлгөн, универсалдуу эларалык коопсуздук уюму. Ал төмөндөгүдөй максаттарда түзүлгөн: эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, дүйнөгө коркунучту болтурбоонун жана алдыналуунун жамааттык натыйжалуу чараларын көрүү, зомбулук актыларын басуу, эларалык талаш-тартыштарды тынчтык каражаттары менен чечүү, элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык, социалдык, маданий жана кайрымдуулук мүнөздөгү эларалык маселелерди чечүүдө эларалык кызматташтыкты ишке ашыруу, расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан адамдын укуктарына жана негизги эркиндиктерине урматтоону өнүктүрүү жана колдоо. 2005-жылы БУУнун курамына 191 мамлекет кирип турат. БУУнун башкы органдары: БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана Социалдык Кеңеш, Камкорчулук боюнча Кеңеш, БУУнун Эларалык Соту, Катчылык, БУУнун Башкы Катчысы. КР 1992-жылдын 2-мартынан баштап БУУ мүчөсү болуп таанылган.

Комментариев: 1 RSS

1 Али 10-01-2019 17:01

Салам атсыздарбы мага жардам керек кандай байланысак болот сиздер менен

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)