Биология деген эмне

Биология деген эмне

"Биология деген эмне", анын кандай түрлөрү бар, кайсы илимдер ага кирет. Ушул сыяктуу суроолорго жооп берүүгө аракет кылалы.

Биология (грек тилинен bios – жашоо, logos - окуу, илим) – жандуу жаратылышты окутуп үйрөтүүчү илим. Биология терминин биринчилерден болуп 1802-жылы француз натуралисти Ж. Б. Ламарк тарабынан жана ага байланышсыз ошол эле учурда немец ботаниги Г. Р. Тревиранус тарабынан да сунуш кылынган.

Илимдин изилдөө предмети болуп учурда кездешкен жана өлүп жок болгон организмдердин көп түрдүүлүгү, алардын келип чыгышы, эволюциясы, таралышы, түзүлүшү, кызматы, индивидуалдык өнүгүүсү, өз ара жана жансыз жаратылыш менен болгон байланышы эсептелет. Биологияда жалпы жана жеке закон ченемдүүлүктөр, жандуу организмдерге мүнөздүү бардык касиеттер (зат алмашуу, көбөйүү, тукум куучулук, өзгөргүчтүк, ыңгайлашуу, өсүү-өнүгүү, дүүлүгүү, кыймыл-аракет ж. б.) каралат.

Биология илими изилденүүчү объектке, тиричиликтин уюшулуш деңгээлине, изилдөө ыкмаларына жана биологиялык билимдердин практикада колдонулушуна карай бир нече өз алдынча илимдерге жана багыттарга бөлүнөт.

Биологияда төмөнкү систематикалык топтор иш жүргүзөт:

  • Вирусология - вирустар жөнүндөгү илим, микробиология-микроорганизмдерди изилдөөчү илим;
  • Микология – козу-карындарды изилдейт, ботаника-өсүмдүктөрдү;
  • Зоология - жаныбарларды;
  • Антропология – адамды изилдейт.

Жогорудагы каралган дисциплиналар изилденүүчү объектке ылайык андан ары да бир нече багыттар боюнча бөлүнүп кетет. Мисалга; зоологияда энтомология – курт-кумурскаларды изилдесе, ихтиология – балыктарды, териология- сүт эмүүчүлөрдү изилдейт. Ботаникада - альгология - балырларды, бриология - мохторду, дендрология - дарак өсүмдүктөрүн изилдейт. "Биология деген эмне" келгиле дагы тереңирээк билип алалы.

Андан тышкары ботаника менен зоологияда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосунун ар тараптан изилдөөчү илимдер менен таанышабыз; түзүлүшүн (морфология, анатомия, гистология ж.б.), өсүп-өнүгүүсүн (эмбриология, эволюция ж.б.), жашоосундагы жалпы иш-аракеттерин (физиология жана өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын биохимиясы), таралышын (зоогеография, фитогеография), топторго классификацияланышын (өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын систематикасы) ж.б.

Тиричиликтин, жандуу жаратылыштын уюшулуш денгээлине карай; молекулярдык биология - молекуланын жалпы касиеттерин окутат, цитология - клетка жөнүндө окутат, гистология - ткань жөнүндө окутуучу илим.

Организмдин түзүлүшүн, касиеттерин, өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүш үчүн илимдин ар кайсы бөлүктөрүнө кайрылабыз: анатомияда - организмдин ички түзүлүшүн окусак, морфология болсо (тар маанисинде) – сырткы түзүлүшүн, физиология-организмдин ичинде кандай процесстер, айлануулар жүрүп жаткандыгын окутса, генетика-тукум куучулук мыйзамын, организмдин өзгөргүчтүгүн жана алардын башкаруу ыкмаларын окуутучу илим.

Бизди курчаган тирүү материянын өнүгүшүн өзүнчө бөлүп карайбыз: Организмдердин өз алдынча өнүгүүсүнүн биологиясы; Эволюция теориясы (жандуу жаратылыштын тарыхый жактан өнүгүшү жөнүндөгү билимдердин комплекси) палеонтология тирүү организмдердин калдыктары аркылуу тарыхты изилдөө.

Жандуу организмдердин бири-бири менен коомдоштукту түзүп жашоосун: этология-жаныбарлардын жүрүм-туруму жөнүндөгү илим экология (жалпы маанисинде) - тирүү организмдердин өз ара мамилеси жана аны түзгөн коомдоштуктун өз ара жана чөйрө менен болгон мамилеси, байланышы жөнүндөгү илимдер изилдейт.

Экологиянын бөлүктөрүнүн арасынан: биоценологияны - тирүү организмдердин коомдоштуктары жөнүндөгү илим, популяциялык биологияны - популяциялардын структурасы жана алардын касиеттери жөнүндө окутуучу илимдин бир бутагы катарында билебиз.

Изилдөө ыкмасына карата: биохимияны – организмдин курамына кирген химиялык заттарды алардын түзүлүшүн, таралышын жана андагы кызматын окутуучу илимдин бир бөлүгү деп, биофизика - тирүү организмде жүргөн физикалык, физика-химиялык кубулуштарды окутуучу бөлүгү болуп эсептелинет. Биологиялык эксперименттерди жана алардын жыйынтыгын математикалык статистика методу менен чыгарууда биологиянын дагы бир маанилүү тармагы биометрия жардамга келет.

Адамзаттын практикалык ишмердүүлүгүндө биологиялык билимдерди колдонушуна карата төмөнкү дисциплиналарды бөлүп карайбыз: биотехнология - тирүү организмдерди жогорку эффективдүүлүк менен пайдаланып айыл-чарба зыянкечтерине каршы продуктуларды жана витамин, гормондорду, антибиотиктерди алуучу өндүрүштүк ыкмалардын жыйындысы, агробиология – айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча билимдердин комплекси.

Селекция – адамзатка пайдалуу өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбар породаларын, микроорганизмдердин штаммын өндүрүүчү ыкмалар жөнүндөгү илим. Мындан сырткары: мал-чарбачылыкты, ветеренарияны, медициналык биологияны, фитопотологияны, жаратылышты коргоонун биологиясын да бөлүп карайбыз.

Биология илимдери физика, химия, математика, геология, география менен өтө тыгыз байланышуу менен бирге бирдиктүү комплексти түзүп табигый так илимдер болуп саналат башкача айтканда жаратылыш жөнүндөгү илимдер. Жогоруда саналган илимдерди изилдөө предмети эсептелген жаратылыш гана байлашыштырбастан илимпоздордун түшүндүүрүсүндө колдонушкан ыкмалары да байланышты баса белгилейт.

Негизинен биологияны изилдөөдөгү жалпы ыкмалар булар: байкоо (биологиялык кубулушка байкоо жүргүзүп кыскача баяндап жазуу), салыштыруу (түрдүү организмдердин өзгөчөлүктөрүн салыштырып жалпы окшоштуктарын таап чыгуу), эксперимент же тажрыйба (биологиялык объектти изилдөө шартында анын касиеттерин окуу), тарыхый ыкма (азыркы органикалык дүйнөнүн негизинде байыркы жандуу жаратылышты таануу).

"Биология деген эмне" аттуу макалабыз ушундай, түшүнбөгөн суроолор болсо комментарийге жазгыла.

Даярдаган: Нурлан кызы Сезим., Аттокурова Сауле

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)