Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Биогендер

Биогендер, биогендик элементтер, биогендик заттар - 1) тирүү организимдердин курамында дайыма болуп, белгилүү бир биологиялык кызмат аткаруучу жана алардын тиричилиги үчүн өтө керектүү химиялык элементтер. Манилүү биогендер кычкылтек, көмүртек, суутек, азот, күкүрт, кальций, калий, натрий ж. б., 2) тирүү организмдердин тиричилиги бүткөндөн кийин толук ажырап, минералга айланбаган, бирок топурактын кунардуулугун жогорулатуучу касиети бар заттар, 3) тирүү организм калдыктарынан пайда болгон биологиялык активдүү заттар (биолиндер, фитонциддер ж. б.), 4) жаныбарлар менен өсүмдүктүн денесинде белгилүү бир жагдайда пайда болуп, алардын өсүүсүн, демалуусун тездетүүчү заттар биостимуляторлор. Мал чарбасында биостимуляторлор малдын создуккан ыладдарын (экзема, кысыр калуу, мастит ж. б.) дарылоо үчүн колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)