Билим түшүнүгүнүн педагогикалык маанидеги аныктамасы

Билим түшүнүгүнүн педагогикалык маанидеги аныктамасы - Билим түшүнүгүнө толук аныктама берүү үчүн адегенде окуу материалынын окуучулар тарабынан өздөштүрүлүшүнүн этаптарын карап көрүү керек. Окутуу кандай гана калыпта уюштурулбасын окуучунун жаңы материалды өздөштүрүшү үч этапта ишке ашырылат.

Биринчи этапта окуучу үйрөнүлүүчү маалыматты сезимдүү кабыл алып эсине сактайт. Маалыматты кабыл алуу ар кандай: нерселерди (буюмдарды) түздөн-түз байкоо, алар менен кошо аракеттенүү, символдордон пайдалануу ж. б. жолдор менен ишке ашырылат.

Экинчи этапта болсо окуучу жаңы кабыл алынган билимди көрсөтүлгөн үлгү боюнча же ал үлгүнүн башкача вариантта бир аз өзгөртүлүп берилгендигин оңой баамдап, пайдалануунун ыкмаларын өздөштүрөт.

Эң акыркы, үчүнчү этапта окуучу өзүнүн биринчи этапта өздөштүргөн билимин жаңы, өзүнө тааныш эмес жагдайларда чыг-лыктуу пайдалана билүүгө даяр болот.

Жыйынтыктап айтканда, окуу материалын өздөштүрүү үч этаптан: материалды (информацияны) сезимдүү кабылдап эстеп калуудан, аны көрсөтүлгөн үлгү боюнча жана тааныш эмес ар кандай жаңы ситуацияларда пайдалануудан турат. Тиешелүү түрдө бул этаптарда материалды өздөштүрүүнүн үч деңгээли камсыз кылынат. Бир эле информацияны (материалды) үч деңгээлде өздөштүрүүгө мисалдар келтиребиз.

Кыргыз тили сабагында, мисалы: зат атоочту окуп үйрөнүүдө мугалим ал түшүнүктүн маанисин түшүндүрөт, зат атоочтун аныктамасын берип, зат атоочтун милдетин аткаруучу сөздөрдү сүйлөмдөн табууга мисалдар келтирет. Мисалы: «Окуучулар курулушка чоң жардам көрсөтүштү», «Эмгек адамдын бактысын ачат» деген сыяктуу сүйлөмдөрдөгү зат атооч сөздөрдү таап көрсөтөт. Мына ошондон кийин окуучулар зат атоочтун аныктамасын өз алдынча кайталап айта алышат жана мугалимдин келтирген мисалдарына окшоштуруп зат атоочтун милдетин аткаруучу сөздөргө мисалдар келтире алышат.

Бул окуучулардын зат атооч түшүнүгүн өздөштүрүшүнүн биринчи этабы (деңгээли) болот. Андан ары мугалим окуучуларга эки типтеги көнүгүүлөрдү сунуш кылуусу мүмкүн:
1. Күн жылуу болуп, кар бат ээриди. Космоско дагы бир ракета учурулду.
2. Күрөшүү боюнча болгон мелдеште Осмоналиев дүйнөнүн чемпиону болду.

Шамалдан кийинки бозомуктар көпкө чейин тарабай турду. Текшерүүдөн кийин деле даттануулар азайган жок, ж. б. биринчи эки сүйлөмдөн зат атоочту табуу мурда көрсөтүлгөн үлгү боюнча ишке ашырылат, б. а. бул тапшырманы аткарууга окуучунун аракети мугалимдин көрсөткөн аракетинин үлгүсү боюнча аткарылат, демек өздөштүрүүнүн биринчи эле этаптагы деңгээлинде болот. Кийинки үч сүйлөмдүн ар биринде зат атоочту так таап көрсөтүү үчүн окуучу мурдагыдай эле даяр үлгү боюнча аракеттенүү менен чектелбестен, бир аз кыйынчылыкты сезип эмгектенет, анткени, бул сүйлөмдөрдөгү «күрөшүү», «бозомтук», «текшерүү», «даттануу» деген сөздөрдү окуучулар кээде зат атооч деп эсептебестен тиешелүү түрдө этиш, сын атооч жана этиш деп ойлошот. Эки типтеги көнүгүүлөрдүн экөө тең зат атооч жөнүндөгү билимди үлгү боюнча, тааныш ситуацияда колдонуу болуп эсептелет. Бирок бул зат атооч түшүнүгүн өздөштүрүүнүн экинчи (деңгээлин) түзөт. Зат атооч түшүнүгүн өздөштүрүүнүн үчүнчү этабында (деңгээлинде) биринчи этапка кабыл алынып өздөштүрүлгөн зат атооч жөнүндөгү ошол эле билим мурдатан тааныш болбогон жаңы жагдайда, чыг-лык менен пайдаланылат. Бул максатта мугалим окуучуларга төмөнкүдөй тапшырма бере алат. Биз бирөөлөр менен сүйлөшкөнүбүздө: тааныш, тааныш адам, аскер кызматы, таштанды, таштандыдай, шире, ширелүү деген сөздөрдү көп пайдаланабыз. Бул сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кире тургандыгын аныктагыла.

Тапшырманы туура аткаруу үчүн окуучу сөздөрдүн формаларынын обочолонуп, алардын ар биринин чыныгы маанисин сезимдүү баамдап, окшош сөздөрдү ар түрдүү сөз түркүмдөрүнө таандык кылышы керек. Мунун өзү зат атооч түшүнүгүн өздөштүрүүнүн үчүнчү этабына (деңгээлине) жатат. Математика сабагында: көптүк, камтылган көптүк, көптүктөрдүн биригүүсү жана кесилиши деген материалды окуп үйрөнүүдө адегенде мугалим бул түшүнүктөрдүн маанисин айкын-ачык көрсөтүп, тиешелүү аныктамаларды берет да, тиешелүү мисалдарды келтирет.

Окуучулар адатта мындан кийин ал түшүнүктөрдүн аныктамаларын айта алышат, мугалим келтирген мисалдардын үлгүсү боюнча аларга туура келүүчү мисалдарды да туура таап көрсөтүшөт. Бул материалды өздөштүрүүнүн биринчи этабы (деңгээли) болот. Андан ары мугалимдин талабы боюнча эгерде окуучу бир эле түз сызыкта жайланышкан эки нурдун биригүүсүнүн жана кесилишинин мүмкүн болгон бардык учурларын туура таап көрсөтө алса, анда ал материалды экинчи деңгээлде өздөштүргөн болот. Эгерде мындан тышкары окуучу бардык «ромбдор менен бардык тик бурчтуктардын көптүктөрүнүн» кесилишин туура таап түшүндүрсө, анда ал жогорудагы материалды үчүнчү деңгээлде өздөштүргөн болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)