Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч жана суу пери

Баш барак | Гороскоп | Бийкеч жана суу пери

Мындай биримдик айланасындагыларга кандайдыр бир карама-каршы жана кызык көрүнөт. Чыныгы сүйүүсүз, мындай биримдик болбойт. Анткени, кубаттуу жана ак ниет сезимдер гана Бийкечтерди Суу перилер менен бирге болууга туртку кылат.



Бийкечтерге коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сезүү маанилүү! Өз өнөктөшүн Бийкечтер кадыр-баркын жана кемчиликтерин реалдуу баамдап, кылдаттык менен жана шашпай тандайт. Чыныгы мамилелерге аттануу Бийкечтерге оңой эмес. Бирок, эгер Бийкечтер өз өнөктөшүн тапса, анда ал түбөлүк, анткени мамилелерде ишенимдүү жана берилген мындай белгини таппайсыз.



Суу перилер болсо тескерисинче, жаңы сезимдер үчүн, эски мамилелерден оңой ажырайт. Бирок, Суу перилердин өткөн мамилелеринин анализдөө, азыр колунда болгонду сезүүгө тоскоолдук жаратат. Буларга өнөктөшүнө болгон сүйүүсүн жана байлангандыгын көрсөтүү таандык эмес. Мамилелерде кандайдыр бир көз карандысыздыкка жана четтенүүгө умтулат. Бул белгинин өкүлдөрүнүн достугу жана мамилечилдиги, булардын досторунун көп болуусун шарттайт.



Бийкечтер менен жакшы мамиле түзүү үчүн, Суу перилерге мамилесинде ишенимдүүлүктү жана тыкаттыкты көрсөтүү зарыл. Ошондой эле Бийкечтердин критикасына жана эскертүүлөрүнө тынч реакция кылууну үйрөнүп алуу да керек болот. Ошондой эле берилген убадаларга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, аларды өз убагында аткаруу зарыл, анткени Бийкечтер пендантичтүү жана так болот. Жана шарттары түзүлгөн үй-бүлөөлүк тиричиликтин да мааниси чоң. Суу перилердин бийик деңгээлдеги чыгармачылык потенциалы, Бийкечтердин жашоосуна кандайдыр бир сезимталдуулукту берет. Бийкечтердин прагматикалыгы жана эпчилдиги Суу перилерди тең салмактап, чыгармачылыгын ишке ашыруу үчүн бир багытта багыттайт. Анткени, Суу перилердин бактысыздарга жана байкуштарга жардам берүү каалоосу абдан жакшы өнүккөн, ошондуктан буларды уюшулган адам деп айтууга кыйын.



Бийкечтер менен Суу перилерге мамилелерин түздөө үчүн, көп эмгектенүүгө туура келет. Бир багыттагы биргелешкен жумуш, бул түгөйлөрдү биримдикте кармайт. Булар, кандайдыр бир прагматизм аркылуу эле жолдору биригиши мүмкүн. Анткени, Суу пери идеалдуулукка, оригиналдуулукка жана эркиндикке умтулат. Бийкечтер болсо, эпчилдикке, тактыкка жана аткаруучулукка умтулат. Суу перилерге Бийкечтердин социалдык пландагы деңгээли жана ийгиликтүүлүгү чоң роль ойнойт. Суу пери Бийкечерге үй-бүлөө маселелерин чечүүдө жардамчы, устат катары мамиле жасайт. Ал эми Суу перилердин байлануусун Бийкечтер тынч кабыл алып, бирок буларга Суу перилер менен жашоо оңой эмес.



Интимдик мамилелердде башкы ролду сырткы сулуулук эмес, физиологиялык айкалышуу ойнойт. Ар башка мүнөздөр, темпераменттер жана физиология, булардын мамилелерин түйшүктүү кылат.



Ошондуктан мындай түгөйдө сүйүү болбойт, анын ордуна жан-дүйнөлүк түйшүктөр жана өзгөрүүлөр көп болот. Бирок, эгер бул биримдиктеги өнөктөштөр болгон күч-кубатын жумшап, аракеттенишсе, мамилелер узак мөөнөткө созулуп, үзүрлүү болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1083, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо