Бешбелчир арашан

Бешбелчил арашан Нарын облусунун Атбашы районундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу булактары бар бальнеол. курортко ылайыктуу аймак. Нарын шаарынан 90 км, Атбашы кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Атбашы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээли 3300 м бийиктикте. Булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, алар жөнүндө алгачкы геологиялык маалымат 1920-ж. берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоотек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору–көмүр кычкыл газдуу(СО2 – 0,44–1,3 г/л),гидрокарбонат-натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С),суткалык дебити 436 м3.Сууну ичүүгө жана ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылоо үчүн жана суусундук катары «Арашан» деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп алынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)