Беш-Таш суусу

Беш-Таш суусу - Талас районундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54 км, алабынын аянты 314 чарчы/чакырым. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Бешташ ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Бешташ капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орточо чыгымы 3,55 м3/сек, байкалган эң көп чыгымы 55,4 м3/сек, эң азы 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жалпы узундугу 192 км ге жеткен 88 куймасы бар. Эң ирилери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюктөр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кыркколот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 чарчы/чакырым келген 7 тоо көлү бар, эң ириси Бешташ көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Козучак, Балбал, Хивинка кыштагы жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)