Бермуд үч бурчтугу

Жер шарындагы эң атактуу аномалдык аймактардын бири - Бермуд үч бурчтугу. Бул жерди салттуу түрдө планетабыздын эң таңкалыштуу жана эң коркунучтуу бөлүгү деп аташат. Бул жерде көптөгө учактар, кемелер кайып болушканы белгилүү. Бирок, себеби белгисиз. Атлантикадагы Флорида, Куба жана Бермуд аралдарынын ортосунда жайгашкан сырдуу аймакта акыркы 26 жылдын ичинде миңдеген кырсыктар болуп, он миңдеген адам каза тапкан. Таңкалыштуусу, алардан бир да из калган эмес: адамдардын сөөктөрү, кеме, учактардын сыныктары изсиз жоголгон. Аталган аймак аркылуу авиа жана деңиз жолдору өтөт.

1945-жылы 4 америкалык аскер учагы "биз жолубузду жоготуп койдук", "компастар иштен чыкты", "катуу шамал болуп жатат", "туман каптады" сыяктуу билдирүүлөрдү жиберген соң алар менен болгон байланыш үзүлгөн. Учактардын артынан издөөгө чыккан куткаргыч учактар эч нерсе таппай кайтышкан. Башка окуяда сааттардын токтоп калышы жөнүндө да айтылат. Киши ташуучу авиалайнер сырдуу үч бурчтуктун үстүнөн учуп баратып, чаң сымал ак туманга кабылган. Болжолдуу 10 мүнөттөн кийин туман тарап кеткен. Бирок, учактагы бардык сааттар муруңку абалы боюнча калган (10 мүнөт муруңку убакытты көргөзүп турган).

Бул - Бермуд үч бурчтугунун территориясында убакыт токтоп тураарынын далили. Америкалык "Ньюс" гезитинин беттерине Бермуд үч бурчтугу тууралуу дагы бир акылга сыйбас маалымат жазылган. Бул укмуштуу аймакты изилдөө максатында деңиз астында сүзүүчү кайык 70 метр тереңдикке түшкөн. Бир убакта кайыктын жүргүнчүлөрү жер титирөөнү сезишкен да, бир мүнөттүн ичинде бир нече жылга картайып кетишкен. Ал эми суу үстүнө чыкканда алар Инди океанына келип калгандарын көрүшкөн. Албетте, бул маалымат туура деп табылган эмес. Бирок, аны жалган деп айткандар да жок.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)