Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Bьeнтьян

Bьeнтьян (лаос тилинде Вианг Чан) – Лаостун борбор шаары. Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 797 130 миң (2012), калкынын саны боюнча Индикытайдагы эң ири өлкө. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр-жай борбору. Кустардык өнөр-жайы басымдуу, күрүч актоочу, жибек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр-жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), улуттук китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16-18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 194675-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору. Архитехтура эстеликтерине: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), королдор сарайы ж. б. кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)