Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Белок

Организмдин түзүлүшүндө жана тиричилигинде негизги роль ойноочу биологиялык полимер. Б-тун организмдеги ролу өтө ар түрдүү. Ар бир Б-тун өзүнүн өзгөчө физиологиялык кызматы болот. Анын чоң тобу организмдин түрдүү структурасында катышат (структуралык Б.). Клеткалардын кабыгы, ички органеллалары, ошондой эле нерв сөңгөктөрүнүн кабыгы өзгөчө Б-тон турат. Ал кан тамыр, тери, тарамыш, байламта, кемирчек, сөөк, ошондой эле чач, тырмак, канат жана мүйүздүү түзүлүштөрдүн составына кирет. Бардык Б-тун молекулалары көмүртек, суутек, азот, кычкылтектен (кээде күкүрт, фосфор болот) турат.

Гормон Б-у организмдеги бардык тиричилик процесстерин, анын өсүү жана көбөйүүсүн башкарат. Көздүн торчо кабыгындагы жарык сезгич Б.— родопсин көрүүнү камсыз кылат. Булчуңдарда жыйрылгыч Б.— миозин менен актин болгондуктан алар жыйрылып жана бошоңдоп турат. Айрым жаныбарлардын (жылан, курт-кумурска жана башка) жана өсүмдүктөрдүн, ошондой эле бактериялардын уулары да Б. болуп эсептелет. Кээ бир Б. запас азык зат болуп, жумуртканын, өсүмдүк уругунун Б. кабын түзөт. Б-тун эң ар түрдүү жана маанилүү тобу — ферменттер, организмдеги бардык химиялык процесстер ферменттердин катышуусу менен жүрөт. Аларсыз тамак сиңирүү, заттардын айлануусу, зат алмашуунун акыркы продуктуларын бөлүп чыгаруу, энергияны топтоо, кандын уюшу жана башка мүмкүн эмес. Кандагы гемоглобин кычкылтекти өпкөдөн түрдүү органдарга жана ткандарга, көмүр кычкыл газын кайра өпкөгө ташыйт.

Андан тышкары Б. коргонуу кызматын да аткарат. Оору козгоочу бактериялар же алардын тиричилик аракетинен пайда болгон организмге зыяндуу заттар канга түшкөндө антителолор — иммуноглобулин белогу пайда болот. Ошондой эле канда эриген фибриноген белогу болуп, кан тамырлар жабыркаган жерде ал тез полимерленип, фибрин жипчелерине айланат да, кан аккан жерди тосуп, кан кетүүдөн сактайт. Организмдеги Б. 20 түрдүү аминокислотадан турат. Б-тун молекуласындагы аминокислоталар өз ара пептид байланышы аркылуу ырааттуу биригип — биринчилик, полипептид чынжырынын айрым жери спираль түрүндө буралып экинчилик структураны түзөт. Б. молекуласынын мейкиндиктеги түзүлүшү — үчүнчүлүк, айрым Б-тун молекуласы бир нече тоголоктошкон жипчелерден туруп төртүнчүлүк структураны пайда кылат. Тирүү организмде Б-тун синтезделиши — нуклеин кислотасы жана көптөгөн ферменттердин катышуусу менен жүргөн өтө татаал процесс.

Б. түрдүк, ткандык жана жеке өзгөчөлүгү менен айырмаланып, аны адамдын организмине киргизгенде антителолор пайда болот, башкача айтканда антигендик касиетке ээ. Организмге башка Б-тун кириши аллергиялык абалга алып келет. Сиңбеген Б. канга өтүп, организмге аллерген катары таасир этет. Б. тамак-аш рационунун эң негизги составдык бөлүгүн түзөт. Ичеги-карынга тамак-аш менен түшкөн Б. тамак сиңирүүчү маңыздагы ферменттин таасиринен аминокислоталарга чейин ажырап, канга өтөт. Тамак-ашта Б-тун жетишсиздиги организмде азот алмашуунун бузулушуна алып келет. Кишинин организминде Б-тун жетишсиз болушу төмөнкү себептерге байланыштуу: 1) Б-тун тамак-аш менен организмге аз келиши (ачка болуу, тамак - ашта Б-тун жетишсиздиги, тамакты аз ичүү жана башка); 2) азыктагы Б-ту сиңире албай калуу (ич өтүү, диспепсия, дизентерия, тамак сиңирүү бездеринин иши бузулганда жана башка); 3) Б. алмашуу күчөп, аны көп керектөөдө (кош бойлуу жана бала эмизген учурда, күйүктө, сыныкта, айрым жугуштуу ооруларда, эндокрин бездеринин функциясы күчөгөндө жана башка); 4) түрдүү ооруларда (нефроздордо, канды көп жоготууда, жарааттан жабыркоодо, гастрит, остеомиелит ж. б-да) Б-ту жоготуу; 5) ткандарда (боордо, кан сары суусунда) Б-ту синтездөөнүн бузулушу. Б-тун жетишсиздигинен ткандын өзүнүн Б-гу күчөп ажырайт. Адегенде кан сары суусунун Б-у азаят. Мында суюктук кандан ткандарга өтүп, ак шишик пайда болот.

Андан кийин боордун, туура ала булчуңдун, теринин, акырында жүрөк булчуңу менен мээнин Б-у сарпталат. Б-у аз тамак-аш белгилүү убакытка гана сунуш кылынат, себеби Б. жетишсиздик өөрчүп, негизги ооруну күчөтөт. Борбордук нерв системасынын бузулушунда Б-тун ажыроосу күчөп, пайда болуусу азайып, Б. алмашууга таасирин тийгизет. Ошондон улам атрофия, дистрофия жана башка өөрчүйт. Гормондор да Б. алмашууга өзгөчө таасир этет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)