Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Белисынык тоо

Белисынык, тоо - Түштүк Теңир-Тоодо, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Кожобакырган суусунун чыгышында дого сымал кеңдик багытта 26 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 11 км. Орточо бийиктиги 1100– 1300 м, эң бийик жери 1571 м. Кыры тайпак, Кожобакырган өрөөнү тарабынын батыш капталы тик жана кыска, түндүк жана түштүк беттери Фергана жана Ташрабат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Палеоген жана неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит жана башкалар тектеринен турат. Тоого чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Капталдарына кайрак эгин айдалат, чабынды жана жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)