Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Белги берүүчү мезгил

Жугуштуу оорулардын алгачкы мезгили. Бул мезгилде оорунун алгачкы, анча даана болбогон белгилери байкалат, мисалы, тамакка табити жоголот, уйку бузулат, баш ооруйт, алы кетет жана башка Ал инкубациялык мезгилден (жашыруун мезгил) кийин болот. Бул мезгилден кийин ошол ооруга мүнөздүү белгилер (ысытма, териге бүдүрлөрдүн чыгышы жана башка) пайда болот. Б. б. м. жугуштуу эмес ооруларда, мисалы, миокарддын инфарктында (жүрөктүн оорусу бара-бара жана тез-тез приступ болушу) да болот. Киши өзүн бир аз эле жаман сезүүсү катуу оорунун башталышы болушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан мындай учурларда эрте врачка кайрылуу диагноздун туура коюлушуна жана дарылоонун натыйжалуу болушуна шарт түзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)