Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бектурганов Мамытаалы

Бектурганов, Маамыталы-экономист
1950-жылы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган.1970-1973-жылдары Ат-Башы районунун партсьезд атындагы колхоздо башкы экономист.1973-1975-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясында аспирант, 1976-1977-жылдары Ат-Башы райондук партия комитетинде иснтруктор, 1977-1981-жылдары комсомолдун Ат-Башы райондук комитетинде 1-секретарь, 1981-1987-жылдары партиянын райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1987-1990-жылдары Ат-Башы райондук Элдик Контролдоо Комитетинин төрагасы, 1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Ат-Башы райондук Кеңешинин Аткаруу Комитетинин төрагасы, 1991-жылдын февраль айынан август айына чейин Коммунисттик партиянын иши токтотулганга чейин Кыргызстан компартиясынын Ат-Башы райкомунун 1-секретары болуп иштеген.
1992-2002-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары, 2002-жылдан райондук мамлекеттик администрациясынында башкы адис.
Ат-Башы районунун "Ардактуу атуулу".

Асанов. У, Асаналиев. З, Атабаев. А "Нарын обласына 70 жыл. Энциклопедия"-,Бишкек, 2009

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)