Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасы

Бексултан Жакиев биринчи эле драмасы "Атанын тагдыры" аттуу чыгармасы менен өз ысмын адабият тарыхынын барактарына дароо жана биротоло жазды. Анын чыгармачылык биографиясында жалгыз аталган драма болгон күндө да "таланттуу" деген баалоо сөзүнүн ээси болуп калмак.

Баарыдан мурда драмадагы каармандардын конкреттүүлүгү, психологиялык абалдарынын жана мүнөздөмөлөрүнүн айкындыгы, сүрөтттөлгөн окуялардын турмуштагыдай ишенимдүүлүгү, көркөм каражаттарынын ийгилиги, эч кимге окшобогон почерки, чын ыкластуулугу драматургдун пьесасы боюнча спектакль чыгарышкан театр коллективдеринин, алар аркылуу көрүүчүлөрдү өзүнүн дүйнөсүнө дароо ээрчитип кетти. Б. Жакиев проза да, киносценарийлерди да жазды. Бирок, чыгармачылыгын драматург катары баштап көпчүлүккө да, драматург катары таанымал.

Анын адабиятта иштөө жолунун башталышы университетте окуп жүргөн жылдарга туура келет. Мектептен эле филология жаатын кесип кылууну биротоло тандап алган өспүрүмгө студенттик чөйрөдөгү адабият жана өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышуусу, улуттук адабияттан башка совет жана дүйнөлүк адабият менен кенен таанышуусу ага чоң таасир берди. Жаштар ал кезде эмнегедир Алыкул Осмоновдун ырларын көбүрөөк окушар эле. Ал тургай 40-жылдардын экинчи жарымынан баштап, чоң акындардан таасирленгендердин, туурагандардын агымы уланып, ийримге катышкандардын көбү ыр жазгандыктан, алардан Алыкулдун үнү такай угулуп турчу. Бексултан өзү ыр жазбаганы менен Алыкулду сүйүп окугандардын бири эле.

Жаңы адамдын ички дүйнөсүн аңтарууга партиянын ХХ сьездиндеги кабыл алынган коммунизмдин моралдык кодексинин кабыл алынышы өзгөчө түрткү берди. Б. Жакиев да өзүнүн алгачкы эле драмасында согуштан кайтпай калган уулун күткөн абышканын оюнун уйгу туйгулугун, сагынычын гана бербестен, адамды барктоо, сыйлоо, маселеси да көтөрүлөт. Бул маселени башка драматургдарга салыштырганда Б. Жакиев элдик салттарга байланыштуу чечет. Мисалы, кайнене менен келиндин, бала менен эненин ортосундагы мамилелер, ар кимдин жеке кызыкчылыгы жана башкалардын ахвалын түшүнө билүүсү жөн гана турмушта жолугуучу көрүнүш эмес, адамдын адамдыгын сыноочу кырдаалдар. Адамдын сыналышы эмгекке, иштеген ишине, башкаларга жасаган мамилеге байланышкан. Жаш кезинен баамдаган турмуш окуяларын кийин эс-акылы толуп, иликтей баштаганда биринчи иретте Акылбек өңдүү абышканын түйшүгү көңүл чордонун ээлеп, ал тууралу айтып берүүгө ниеттенген. Б. Жакиев студент кезинде башкалардын ичинде өтө сергек аң-сезимдүү, өзгөчө башынан өткөргөндөрүн кызыктуу кылып , сүйлөгөндү жакшы көрчү.

Сабаттуу , коомдук иштерге активдүү катышкан Бексултан башкалар менен бат ымала таап, ар нерсеге өзүнүн жеке пикири бар экендиги менен таасирлүү эле. Адабиятта ат салышууга аракеттенген жаштардын арасында болсун, драмалык ийримдерге, коомдук иштерге катышпасын Б. Жакиев өзүнүн турмушка болгон мамилесин, жекече психологиясын, көз карашын калыптап өсүп бара жаткан тулку катары башкаларга таасирдүүлөрдүн бири боло турган.

Ал бардык учурда адабий кубулуштарды коомдун перспективалык өсүшү менен бирге карайт. Өзүн-өзү жана башкалардын чыгармачылыгын анализдей жана калыс баалай билүүгө умтулгандык ага мүнөздүү. Адабияттын эң таттаал табияты үчүн бул эң маанилүү эмеспи. Драматургдун өзүнүн айтуусуна караганда, "Атанын тагдыры" алгач прозалык чыгарма катары жазыла баштаган. Анын үчтөн бир бөлүгү жазылып бүтүп калган кезде, кандайдыр образдар сахнага авторду эрксиз жетелей берди. Алгач прозага караганда драма жанрын анчалык орчун адабий жанр деп эсептебеген Б. Жакиев прозаны таштап, драма жазууга киришти. Балким, ошол мезгилде көп актылуу пьесалар боюнча жарыяланган конкрус да болочок драматургду пьеса жазууга түрткү берген болуу керек.

Маданият министерствосу көп актылуу пьесаларга конкрус жарыялаптыр деп угуп калдык. Ал конкрустан Б. Жакиевдин "Атанын тагдыры" аттуу пьесасы сыйлыкка ээ болуптур. Искусство боюнча башкарманын кеңсаларына кирсем, конкрус тууралу сөз болуп жатыптыр. Ал жерден "Жакиев деген баланын пьесасы эң жакшы экен", деген сөздөрдү уктум. Эл артисти Муратбек: "Жакшы режиссёр таап, тезинен жаңы сезон башталганда театрга сунуш этүү керек", - деп бакылдап жаткан экен. Муратбек Рыскулович көптөн бери ойноого кумар болуп жүргөн каарманын издеп тапканына ыраазы болгонун билдирип жаткансыды. Чынында эле Акылбек актёрдун ички чыгармачылык потенциалына төп келген кейипкер болуп чыкты. Көп өтпөй театрдагылар ишке киришишти. Режиссерлукка ал кездеги Пржевальский музыкалык драма театрынын башкы режиссеру Жалил Абдыкадыров бекитилди.

Эс алууга курортко жөнөгөнү жаткан Муратбек Рыскулов да путевкасына кайыл болуп, Акылбектин ролун репитициялоого киришти 4-августта спектакль даярдала баштап 30-августта Маданият министерствосунун атайын комиссиясы спектаклди кабыл алды. 1960-жылдын 3-сентябрында "Атанын тагдырынын" биринчи премерасы болуп өттү.

Ошол кезде Б. Жакиев тууралу ар кандай сөздөр да жүрдү.

"Эгерде комсомолдук кызматка көтөрүлүп калса, Жакиев "Атанын тагдырын" жазат беле?" – деген сыяктуу суроолор да, ага аралаш анын драматургияга жөндөмдүүлүгү тууралу күмөнсүнүүлөр да тарап жүрдү. Бирок драматургдун алгачкы чыгармасынын эң сонун ийгилиги, кийинки пьесалары, прозасы негизсиз айтылган күмөнсүнүүлөрдү көөмп таштады. Эл арасында: "Атанын тагдырындагыдай..." деген ыраазылык сөздөрдү көп уга баштадык. Республиканын көрүүчүлөрүнун арасында Б. Жакиевдин аталган драмасынын тез тарашы турмуш чындыгын терең психологиялык планда көз алдыга даана тарткандыгы менен түшүндүрүлөт.

Элдик баа – чыгармадагы көркөм ой жүгүртүүлөр орундууу экендигин айтып турат. Прессада Жакиев тууралу көбүрөөк жазылчу болду. Пьеса башка тилдерге которулуп, Акылбектин тагдырына өзбек, казак, кара калпак, азербайжандардын театр ишмерлери да көңүл бура башташты. Драматургдун ички чыгармачылык потенциалы, жөнөкөй абышканын тагдырына байланыштуу нерсени чоң масштабда чечүүгө мүмкүнчүлүк берди. Биринчи эле чыгарма анын ошол кесип үчүн чоң профессионалдык даярдыгын көргөздү.

Баарыдан мурда автор өзүнүн турмушуна, жүрөгүнө жакын, көңүлүн өйүгөн нерселер тууралу сөз козгогон. Балким, Акылбек автордун токтоолук менен жеңген образыдыр. Турмушка бүтүндөй тулкусу менен сүңгүп, жерден өнүп - өсүп, ага жакын болуу деген эмне экенин Б. Жакиевдин "Атанын тагдырын" окуганда , же спектаклин сахнадан көргөндө дагы тереңирээк билебиз. Бул чыгарма тууралу жазылган макалаларда каармандар тууралууу көп айтылат.

Менин оюмча " Атанын тагдырындагы" негизги каармандардын бири Ысык-Көл.

Эгерде Ысык-Көл болбосо чыгарма кандайча чечилмек? Драмада да, спектаклде да, солдатка кеткен баласын Акылбек гана күтпөйт . Ысык-Көл да күткөн сыяктанат. Көл Акылбекти пристанга калтырып коюп, күр-шар этип батышка кетет. Күр-шар этип кур-жалак Акылбекке кайра келет. Туулган жер менен адамдын ортосундагы эриш-аркактык ушул аркылуу берилет. "Атанын тагдырынын" да, Б. Жакиев – драматургдун да биринчи премьерасы ийгиликтүү өттү. Бул чыгарма автордун тунгучу болсо да анын чыгармачылыгын да гана эмес, кыргыз драматургиясында өзүнчө көрүнүш, - деп айтышат. 60-жылдардагы кыргыз адабиятынын өсүшү тууралуу өзгөчө сөз кылып жүрүшөт. Ушул мезгилде жаралган "Атанын тагдыры" бат эле көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алышына эмне себеп?

Кыргыз драматургиясынын тарыхы көптөн бери маанилүү темага жазылган психологиялык жактан терең чечилген мындай чыгарманы жолуктура элек болчу. "Атанын тагдыры" адабий вариантында да, сахналык вариантында да, дайыма адамга эстетикалык рахат берип, жашай берет. Кыргыз театрлары да бул эң сонун чыгармага эчен-эчен кайрылышат. "Атанын тагдырынын" кыргыз драма театрынын сахнасында 500 жолу коюлушу маданий турмушубузга маанилүү окуялардан болуп саналат. "Атанын тагдыры" автордун оюнун таамайлыгы менен кызыктырса, бир чети мүнөздөрдүн жетиле иштегендиги менен өзгөчө айырмаланып турат.

"Атанын тагдыры" өзгөчө бир форма, же формалдуу драматургиялык ык менен жазылган эмес. Драматург согуш себепчи болгон адамдардын тагдырын алардын ортосундагы мамилелерди көргөзөт. Ырас Акылбек баласынын сүрөтү менен сүйлөшкөн эпизодду кай бирөөлөр өзүнчө табылга катарында карап жүрүшөт. Албетте кеп жалгыз эпизоддо эмес, драмалык чыгарманын негизги өзөгүндө. Б. Жакиевдин согуштун таштап кеткен оор салакасын көргөзүү менен турмуштун өкүт менен кубаныч аралаш уландысын көз алдыга тарткан. Чыгармада сюжет кокус эффектердин негизинде түзүлбөгөн. Мүнөздөр оор салмактуу. Көрүүчүнүн кабыл алуусу кол чабуулары окуянын өнүгүшүн кадимкидей жан дүйнөсү менен кабыл алгандыкка байланышкан. Пьеса режиссёр үчүн толгон ойлордун булагы болуп кызмат кылат. Кээде бизди чийки май жегенсиген абалга алып келген схеманы көрүүчү сезбейт. Пьесадан ооз көптүрмө, кыйкырык сөздөр да угулбайт. Тек гана каармандардын аракеттерине байланыштуу өтүп жаткан окуялар адамдарды ишендирет, ээрчитет. Каармандардын ар кимисинин өзүнүн психологиясы бар. Аларды башка кылымдарга, башка өлкөгө зордоп алып бара албайсың. Жалган конфликтүү, каармандары өтө чоң сөз сүйлөшкөн, кала берсе костюмун которуштурса башка кылымга тиешелүү мүнөздөргө ээ болгон , башка элдин театрына аттарын которуштуруп коюуга боло турган пьесаларды жолуктурбай жүрөбүзбү. Режиссуранын практикасында негизинде жалганчылык жаткан сырткы белгилеринен улам "бааланган" драмалык чыгармалар коюлуп кетип, кийин ага жол бергендер бармактарын кеч тиштеп калышкандыктарын ким билбейт. Б. Жакиев антип биринчи чыгармасы менен элге бармак тиштеттирбей, кайра жөнөкөй көрүүчүнү да, дасыган режиссерлорду да купулуна толтургусу келбеген сынчыларды ыраазы кылды.

"Атанын тагдыры" спектакли кыргыз драма театрында беш жүз жолу коюлуп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, купулуна толду. А. Жакыпбеков белгилегендей: "спектаклдин ушунчалык ийгиликке жетишинин себеби, албетте драмалык материал болду. Драманын таланттуу жазылгандыгы ага, "Оштогу өзбек, Жалал-Абад, Алма-Атанын борбордук театрында, Корея театрында, ТЮЗда, Жамбул, Караганда, Гурьев Чимкент областтык театрларында, Түркменстанда Ашхабад Академиялык театрында, Ташауз областтык театрында, Тажикстанда Дүйшөмбү Академиялык театрында, Нукуста Кара-Калпак театрында коюлууга" укук алды "Атанын тагдыры" кыргыз драматургиясынын тарыхында согуш мезгилинен кийин башка тилдерге биринчи которулгандыгын айтсак, Б. Жакиевдин калем учунан адеп жаралган чыгармасынын салмагы канчалык экенин түшүнүүгө болот.

Согуш кан майданда да, тылда да каармандарды жаратты. Анын бири Акылбек. Автор өз каарманын канчалык кадырласа, сүйсө, анын толук кебете – кешпирин ошончолук даана тартуу үчүн жан дүйнөсүнө шайкеш келер теңдеши Ысык-Көлсүз баамдоо канчалык кыйын болсо, анын күтүүсүн конкреттештирүүгө шарт түзүүчү жер – пристансыз чыгарманын ыргагын берүүгө мүмкүн эмес. Пристанга барып – кайтуу драманын компазициясынын негизги материалын гана түзбөстөн, чыгарманын жалпы маанайы ошого байланыштуу экенин да баамдайт. Драматургдун чеберчилиги ошол материал өз алдынча бөлүнүп турбай, каармандардын түшүнүгүнө, аракетине сиңдирип жиберген.

Драматург Ата Мекендик согуштун адамга түшкөн кыйынчылыгын бир адамдын жеке түйшүгү аркылуу көргөзүп, жалпылаштырат. Биз драманы окуп чыккандан, же сахнадан көргөндөн кийин, Акылбектин аракетинин жардамы менен жалпы элдин башына келген. "Атанын тагдыры" тууралу сөз болгондо басма сөздөрдө пикир айткандар Б. Жакиевдин бул чыгармасында согуш темасынын чечилиши жөнүндө ар кандай ойлорду ортого салышты. Биринчи кезекте "Атанын тагдыры" деген аттын өзү чыгарманын мазмунун толук ачып турат. Акылбектин образы Тянь-Шандын кызыл гранитинен чегилген монументти элестетет да, анын түйшүгүн толукташкан каармандар негизги каармандарга ажырагыс чөйрө болуп кирет. "Атанын тагдыры" драмалык чыгармалардын ичинен өз авторун белдүүлөрдүн арасына жетелеп кетти. Кыргыз драматургиясынын тарыхы көптөн бери маанилүү темага жазылган композициясы жагынан өзүнчөлүгү бар, психологиялык жактан терең чегилген мындай чыгарманы жолктура элек болучу. Бул жерде драмада сүрөттөлгөн окуялар элдин эсинен алиге чыгып кете электигинен эмес эле. Ооба, эл драманы тез сүйүп кабыл алды. Уламдан – улам убакыт өткөн сайын чыгарма элдин жүрөгүнө терең сиңүүдө. Согуш темасында канча чыгармалар жазылбады. Дегинкиси аталган чыгармалык полотно чыныгы художниктин кистисинен жаралып өз учурун так көргөзүп, ар бир каарманды өз-өз ордуна коюп, алардын мүнөздөрү, кыял-жоруктары тыкан конкреттештирилип, Акылбектин тагдыры элдин тагдыры менен сиңишип кеткендигинде. Б. Жакиевдин драмалык чыгармаларында ретроспекциялык мотив бүгүнкү күндүн талабы, көз караштарына айкалышып, автордун өзүнүн позициясы да конкреттүү. Ал азыркы күндөгү жаңы согуш коркунучунун кокус кайталанышын мүмкүнчүлүгү жаш муундардын, жерибиздин эртеңки келечеги тууралу да ойлонот. Атаны баладан, баланы атадан, күйөөнү жардан ажыраткан согуш болбосо баардыгы болот – дегенди көпчүлүккө көркөм образдар, окуялардын жүрүшү менен жеткирет.

Драманын мазмуну көпчүлүккө маалым болсо да, кыскача тушүндүрө кетели. Күнүгө жол караган Акылбек аскерге кеткен уулу Болотбегин күтөт Болотбек эл - жерин коргоп кан майданда курман болгон. Бирок Акылбек баласынын келишинен үмүт үзбөйт. Келини башка айылга турмушка чыгат. Акылбектин караан туткан небереси Жеңишбек. Анысын да келини Зууру алып кетип, кайра келет. Акылбек кызы Майраштын колунан даам сызып, үйүндө жалгыз калат. Ал өз очогун, өлөң төшөгүн таштабайт. Өзүнун тагдырына карыганда туш келген жалгыздыгына макул болгусу келбейт. Параходдун гудогун уккан сайын пристанга барат. Анын үмүтү өнөкөткө айланган. Абышка мектеп балдары менен бак-шак тигишмек болот.

Баарыдан мурда "Атанын тагдырын" көрүүчүлөрдүн ар кимиси өзүнүн жүрөгүнө жакын кабыл алат. Өзүнүн басып өткөн жашоосунун бир үлүшүн табат. Андан көрүүчү өзүнө жакын, тааныш көрүнүштөрдү таба албаган күндө да, анын окуялары ар кимди ойлонтот. Пьеса жөнүндө сөз кылгандар бир пикирден чыгарма согуштун азап-тозогунун алып келген илдеттерин туура чагылдыргандыгын белгилешти "... бири-бири менен бекем чырмалышкан... каармандардын тагдырынын..." чегинде Акылбектин образы өтө терең көрсөтүлгөн, - дейт маркум Б. Ашимбаев, - ... сахна ачылар менен ар бир адам өзүн окуянын катышуучусу катары сезет". Пьесанын борбордук образы – Акылбек жаш автор тарабынан чеберчилик менен сомдолгон (вылеплен). Анын монологунда чындык чоң чыныгы драматизм жана турмуштук чындык жатат! Көрүүчү Акылбек эмне жөнүндө сүйлөсө, ага дайыма ишенет, ошондуктан бул эрктүү, бейпил абышкага чыныгы урмат менен илеп төгөт. Акылбектин кубанычын да, кайгысын да көрүүчү аны менен бирге тартышат", - дейт К. Оморкулов. ("Комсомолец Киргизии", 5.Х. 60). Ооба, спектакль канча жолу коюлса, ошончо жолу ошол сезим дайыма көрүүчүлөрдү жетеледи. Бул сезим пьеса кайсы сахнада коюлбасын дайыма пайда болот, анткени, Акылбектин абалы бир жагынан согуштан кимдир бирөөсү кайтпай калган көп үй-бүлөлөргө мүнөздүү болсо, экинчиден каармандын абалы баардык татаал табияты менен чагылдырылган. Алгач Акылбек кайгыга чөгүп, кандайдыр өзүн курчаган абалдан чыга албагандай сезилет. Согуштан курман болгон баласы Болотбегинен ажырап, келини Зуура кетип, кемпири дүйнөдөн кайтып. (баладан ажырагандан кийин) небересин таяныч тутса, анысы да уурдалып качса, Акылбек аябай чөгө түшөт. Ар ким үчүн оор болгон бул абал абышканы өбөктөтөт. Акылбек баласынын сүрөтүнө кайрылат. Ушундан баштап, ал айлана менен өз дүйнөсүн аралаштырат. Драматург, Акылбектин тагдыры" согуш кыйынчылыгын ар кимиси өз алдынча баштарынан кечирип жаткан адамдар менен тыгыз байланыштуулугун, өзгөчө баласы өлгөндөн кийинки тагдыры келини Зуура, небереси Жеңишбек менен чырмалышкандыгын баса көргөзгөн. Дал ушул абалга көп рецензенттер (З. Куторга, М. Борбугулов К. Оморкулов жана башка.) пьесанын кемчилигин байланыштырат. Согуш мезгилинде Зууранын абалына туш келгендер болду беле? Көп болгон. Эскинин кайсы бир жагымсыз салакалары аралаша жүрдү беле? Аралаша жүргөн. Деги Б. Жакиев өзүнүн прозалык чыгармаларында болсун, драмаларында болсун ошол салакаларды баса көргөзүү менен анын зыяндуу маңызын ачат. Өзгөчө согуш мезгилинде ал салакалар кандайдыр сууга түшкөн чамындыдай калкып чыга баштаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)