Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бейшеналиева Бүбүсара (1926-1973)

Бейшеналиева Бүбүсара (1926-1973)Эненин көптөн күткөн тилеги орундалып, Бүбүсара Ленинграддан келгенине бир айдан ашып калган. Ошентсе да эненин балага болгон сагынычы али тарабады. Кызынын баскан-турганына көз салып, ичи-боору эзилип, өз алдынча жалынат. Кызым окуп, билим алып адам болсо деген үмүт менен атасы экөө аны былтыр эле шаарга алып барганы эсине түшөт. Фрунзенин (Бишкектин) чоң көчөлөрүн жөө кыдырып интернат таппай жүрүп, парктын ичиндеги жайкы театрга туш болушкан эле. Театрда окууга өтүүчү балдарды комиссия карап кабыл алып жаткан. Ак жуумал, бойтойгон, татынакай кыз комиссияга дароо эле жагып калды, анын үстүнө ал комиссиянын сыноосунан да жакшы өттү.

Ошентип кыздын тилеги ордунан чыгып, ал Ленинграддагы хореография окуу жайына бармак болду. Эне кызынын кайсы окууда окуп жүргөнүнө кызыкпаган. Тек гана анын татынакай жарашыктуу кийимине, ата-энесин сагынбай дени сак жүргөнүнө кубанды. Кайда жүрсө аман жүрсүн, балам жаман мектепке туш болбоптур деп ичинен кубанып тим болгон. Миллиондогон адамдардын таалайына каргаша болгон Улуу Ата Мекендик согуштун кесепети Бүбүсарага да тийди. Кыргызстандан барып окуп жаткандар кайра Бишкекке келишти.

Алар окууну бүтпөй калгандыгына карабастан музыкалык театрда бийчи артист болуп иштей башташты. Табиятынан эмгекчил, тырышчаак, кичи пейил, мүнөзү назик Бүбүсара бат эле театр жамаатынын сүймөнчүлүгүнө айланды. Ал өз кесибин жандай сүйүп ардактаган таланттуу бийчи болуп өсүп чыкты. Бейшеналиева улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантын ар тараптан ачууга жетишкен.

Ал Раухвергердин Чолпон балетинде Айдайдын, Чайковскийдин Ак куу көлүндө Одетта-Одиллиянын, Уйкудагы сулуусунда Авроранын, Прокофьевдин Ромео менен Жульеттасында Жульеттанын, Минкустун Дон Кихотунда Китринин, Пуньинин Эсмаральдасында Эсмеральданын жана башка көптөгөн партияларды аткарган. Кыргыз балет өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири - СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз сахнасынын сыймыгы болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)