Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бейшеналиев Шүкүрбек (1928-2000)

Баш барак | Биографиялар | Бейшеналиев Шүкүрбек (1928-2000)
Бейшеналиев Шүкүрбек (1928-2000)Болочок жазуучу башталгыч мектепте окуп жүргөндө эле өзү туулуп-өскөн Куртка айлына келген таланттуу адамдар - эл куудулу Куйручук, акын Калык, ырчы Мусаны нечен жолу көрүп, алардын өнөрүнө суктанган. Жашынан акындардын, элдик өнөрпоздордун айткандарын кунт коюп үйрөнүп, ошолордой болууга далалаттанчу. Студент кезинде институттун адабий ийримине катышат.



Бул анын чыгармачылыгынын өсүшүнө кыйла таасир берген. Жаш талапкер 1950-жылы балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсуна катышып, анын Чыныгы достук повести 1-сыйлыкка татыктуу болот. Жазуучунун 50-жылдары балдар үчүн жарык көргөн Демилге жыйнагы да чет тилдерге которулган.



Жазуучунун балдарга арналган көпчүлүк чыгармалары Шериктеш өлкөлөрдүн болгар, моңгол, англис, араб, испан, фарс, пенжаб, швед, француз, орус, украин, немец, урду ж. б. тилдерге которулган. Ш. Бейшеналиев Кычан повести мектеп окуучуларынын сүйүктүү чыгармаларынан. Бейшеналиев балдардын мүнөзүнүн дилгирлигин, кыял-жоругун билгичтик менен чебер сүрөттөгөн Ак тайлак, Карлыгач, Табышмакчы Чынара, Таалай жолу, Too ханышасы ж. б. чыгармаларды жазган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2470, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо