Бейиш

Бейиш (иранча жаннат, жыргал жай) — дин ишениминде дин жолунан чыкпай жүргөндөргө «тиги» дүйнөдөн берилүүчү жыргалчылык, ыракат жай, жаннат. Жалпы эле жыргал, ыракат маанисинде да жолугат. Таптык коомго чейинки диндерде бейиш жөнүндө түшүнүк болгон эмес. Таптык коомдун пайда болушу менен келип чыккан ислам дининин тагы «Манастын» ар бир вариантында бар, анын ичинде Сагымбай Орозбаковдун вариантында диндик ишенимдер көбүрөөк орун алган, анда бейиш төмөнкүчө сүрөттөлөт.

Турпагы жыпар, суусу бал

Бейиштин жайын угуп ал.

Көхар болор көз учкан

Бейишке чыккан терек, тал.

Уксаң сонун ушу деп

Нурдан болор кушу деп,

Лайли жакут сарайы

Буга кирип кете албас

Мусулмандын далайы.

Шол бейиштин жемишин

Бу дүнүйөдө ашасаң,

Өлбөй миң жыл жашасаң,

Бузулбас эле калыбың.

Миң жыл жүрсөң наарсыз,

Ачпас эле карының (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 828-829-б.).

Андан ары «Шейиттердин жайы деп, Сегиз бейиш жаралганы» айтылат . Ислам дини боюнча шейит кеткен адамдын жаны эч суроосопкутсуз эле Б-ке барат деп эсептелинет. Бейиш жана тозок жөнүндөгү түшүнүк башка варианттардан да орун алган. Алардын айрымдарында Бейишке элдик атеисттик көз караштан баа берилип, ага элдин анча ишене бербестиги көрсөтүлөт. Чоң казат аяктап калганда, эл эсебин алышса, кыргыз колунан Төштүк менен Чубак жок болуп чыгат. Манас санаага батып, кол ал түнү жатып калат. Эртеси таң ата «дин мусулман баарысы» багымдат намаз окуй баштаганда, Нескараны баш кылып, кытайдын кырк төрөсүн байлап алып айдап келе жаткан Чубак көрүнөт. Намазын бузуп барбалактап тура калган Манас:

Аппак кожо — Айкожо

Кереленип каласың

Кечке окуу саласың

Бейишиңди өзүң ал,

Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155).

Мындан Манастын өзү деле дин жолунда жүргөнү менен ага болгон кайдыгер мамилеси байкалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)