Базидиялуу козу карындар

Базидиялуу козу карындар Basidiomycetes (гр. Basidion-фундамент жана mykes - козу карын) - көбөйүү органдары базидия болгон татаал түзүлүштөгү козу карындар классы. Жетилген базидия өсүндүлөрүнүн стеригмаларында 4 спорасы (базидияспоралар) жайгашкан. Ар бир базидияспорадан козу карынча өсүп чыгат. Б. к. к. классынын 15 миңден ашуун түрү бар, алардын көпчүлүгү желет (кайың козу карыны, ак козу карын жана башка) кээ бир уулуу ( мухомор, куба арам жана башка) жана өсүмдүктөрдү ар кандай илдеттерге учуратат. Б. к. к. эки классчага: базидиясы бир клеткадан турган холобазидиомицеттерге жана базидиясы 4 клеткадан турган фрагмабазидиомицеттерге бөлүнөт.

Бактериофагдар (бактериялар жанагр. phagos-жегич) – бактерияларды бузуучу касиети вирустар.

Б. адамдын , жаныбарлардын ичегисинде, өсүмдүктөрдө, топуракта, көлмөлөрдө, агын сууларда кеңири таралган. Ал ферменттерди бөлүп чыгарып, бактериялардын сырткы челин эритип, башындагы ичке жипчелердин жардамы менен клеткага кирет, өзүндөгү нуклеин к-тасы аркылуу бактериянын белок, ДНК, РНК синтездөөсүн токтотот, өзү үчүн нуклеин кислотасын жана белок синтездейт. Ал белоктун бир бөлүгү жаңы пайда болгон Б-дын челин түзөт. Б-дын айрымдары белгилүү бир гана түрдү (монофаг), экинчилери микрорганизмдин ар кандай түрлөрүн (полифаг) эритет. Б. дизентерия, келте, холера чума ооруларын даарылоодо, алардын алдын алууда, генетика жана молекулалык биологиянын тоериялык иштери үчүн колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)