Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бажы саясаты

Бажы саясаты – бажы тутуму аркылуу жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү чаралар менен багыттардын топтому. Белгилүү экономикалык, социалдык, каржылык, соода-саясаттык максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик органдардын бажы алымдары менен бажы жыйымдарын, ошондой эле бажы жол-жоболорун, дагы башка каражаттарды колдонуу боюнча иши Б. с-на кирет. Б. с-н ишке ашыруунун негизги каражаттары: бажылык жөнгө салуунун экономикалык жабдыктарынын тутуму, бажы бирликтерине, эркин соода аймактарына, бажы конвенцияларына (макулдашууларына) катышуу, жүктөрдүн чек-ара аркылуу өтүү тартиби, бажы көзөмөлүнүн мамлекеттик органдарынын тармагы, бажы иштеринин зарыл мыйзам ченемдери. КРде КР ички жана тышкы саясатынын курамдык бөлүгү болуп саналган бирдиктүү Б. с. жүргүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)