Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Батырканов Жээнбек

Баш барак | Биографиялар | Батырканов Жээнбек

(1939-жылы туулган, Ак-Суу району, Үч-Кайнар айылы) - экономист, экономика или\едеринин доктору (1991), профессор (1992). 1964-жылы КМУну бүтүргөн. 1957—59-жылы Ак-Суу районунун Кызыл-Туу колхозунда тракторчу-комбайнер, 1964—67-жылы Ак-Талаа районунда колхоздун башкы экономисти, 1967—68-жылы райондун айыл чарба башкармасынын пландоо-эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы, 1969—76-жылы Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинде бөлүм башчы, 1976—77-жылы Кыргызстан айыл чарба институтунда доцент, 1978-жылдан кафедра башчысы, ошол эле учурда 1980—84-жылы экономика факультетинин деканы, 1984-92-жылы ошол институтта сырттан окуу боюнча проректор, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде Окуу жайлар башкы башкармасынын начальниги. Илимий иштеринин негизги багыты айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча. 40тан ашык илимий эмгеги (анын ичинде 2 монография, бир нече окуу-усулдук иштер жана көрсөтмөлөр) жарык көргөн. «Колхоздордо өндүрүштү башкарууну өркүндөтүү» (1976), «Ийгиликти малчылардын эмгеги чечет» (1983), «Колхоздордо жетекчи адистерге эмгек акы төлөө жана аны өркүндөтүүнүн жолдору» (1988) аттуу китептердин автору. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 441, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу