Баткак (ылай) менен дарылоо

Чым көңдүү, сульфиддүү, сапропелдүү жана башка ылайларды дарылоо максатында колдонуу. Чым көңдүү баткак ажыраган органикалык заттардан жана өсүмдүк калдыгынан турат. Сапропелдүү баткак бир аз минерал заты бар органикалык заттуу ылай чөгүндүлөрүнөн туруп, негизинен тузсуз сууларда пайда болот. Сульфиддүү баткак — туздуу көлмөлөрдүн составында сульфиддери (көбүнчө күкүрттүү темир) көп органикалык жана минералдуу ылай чөкмөлөрү. Ысытылган дары баткак жылуулукту көпкө сактайт жана денени акырындык менен ысытат. Баткак процедураларынын жылытуучу факторунан башка терини химиялык дүүлүктүрүүчү жана тери аркылуу организмге таасир этүүчү күкүрттүү суутек, аммиак жана башка газ абалындагы заттар чоң мааниге ээ. Дары баткак теринин нерв учтарына таасир этүү менен нерв системасынын ишине, кан айлануу, ички секреция бездери, алмашуу процесси жана башкаларга рефлекстүү таасир этет. Б. м. д. дененин же органдардын жабыркаган жериндеги канайланууну жакшыртат, сезгенүүнү таратып, зат алмашууну, ички секреция бездеринин ишин оңойт. Б. м. д-до аппликация методу колдонулат. Мында баштан жана жүрөктүн тушунан башка бүт денеге (жалпы аппиликация) же дененин айрым бөлүгүнө (жергиликтүү аппиликация) баткак жабылат.

Кээ бир ооруларда, мисалы, гинекологиялык ооруларда баткак томпонду жатын кынына, урологиялык ооруларда көтөн чучукка салып дарылайт. Б. м. д. сөөк, булчуң, муундун өнөкөт ооруларында жана травмадан жабыркаганда, четки жана борбордук нерв системасынын, жыныс органдарынын кээ бир ооруларында сунуш кылынат. Б. м. д. баткак кенине жакын жайгашкан курорттордо, атайын баткак менен дарылоочу жайларда, алынып келинген баткак колдонулуучу оорукана, поликлиника, санаторий жана башка дарылоо мекемелеринде жүргүзүлөт. Б. м. д. бүтүндөй организмге өтө күчтүү таасир этүүчү каражат болгондуктан, врачтын сунушу жана көзөмөлүндө гана жүргүзүлөт. Процедурадан кийин оорулуу 30—40 мин эс алып, палаткага же үйгө келгенде 1—2 саат жатыш керек. БАЦИЛЛАЛАР — өөрчүү учурунда спора пайда кылуучу таякча түрүндөгү бактериялар. Алар башка микроорганизмдерге караганда айлана чөйрөнүн түрдүү шарттарына (кургакчылык, жогорку температура, химиялык заттар жана башкаларга) туруктуу, чыдамдуу болуп, көп жашайт. Ыңгайлуу шартка жолукканда анын вегетативдик түрү өнүгүп, өсүп чыгат да тиешелүү ооруну козгошу мүмкүн (мисалы, күйдүргү бацилласынын спорасы жерде 100 жылга чейин сакталат, ал чөп, же суу аркылуу адамга, малга жукса ооруну пайда кылат). Жаратылышта кеңири таралган, көпчүлүгү сапрофиттер.

Б. органикалык заттарды минералдаштыруу процессине катышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)