Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Батанын таасири

Апендинин эшеги тууттан өлүп, такайы тирүү калат. Апенди аны саан уюна телип койсо, уйдун сүтүнүн көбүн такай ээмп алып, музоо да, үйдөгү балдары да тойбой калчу болот. Апенди айласы кетип, кудайга жалынат: - О, жараткан! Энесинин артынан такайын да кошо алып кет, уйдун сүтү өзүбүзгө жетсин! Эртең менен турса, ую өлүп калыптыр. Аны көрүп алып, Апендинин күйбөгөн жери күл болуп, асманды карап бакырган имиш: - О кудай таала! Эшек менен уйдун айырмасын билбесең, сенин эмнең Кудай?! - деп.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)