Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баскетбол

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Баскетбол

Баскет англис тилинен которгондо себет дегенди билдирет. Өткөн кылымдын аягында бул оюн жаңыдан пайда болгон кезде азыр колдонулуп жүргөн шакек менен тордун ордуна дубалга түбү жок себеттер илинип коюлчу. Англис тилинде бол - топ деген сөз. Баскетбол тобу волейбол жана футбол тобунан чоң жана оор. Көп балдар бул оюн үчүн бойдун бийик болушу керек деп ойлошот. Албетте, баскетболчуга бийик бой керек. Анткени узун бойлуу оюнчу топту себетке оңой түшүрөт. Бирок орто же кичине бойлуу балдар да жакшы баскетболчу боло алат. Себеби оюнда бардыгы тез реакция жасоого, чыдамкайлыкка жана шамдагайлыкка байланыштуу.

Оюндун максаты - калканга бекитилген себетке топту кол менен ыргытып түшүрүү. Ар бири беш-бештен оюнчусу бар 2 тайпа өлчөмү 26x14 м төрт чарчы тегиз аянтчада ойнойт. Ар команданын запаста дагы беш-бештен оюнчусу болот. Оюнчулар борбордук, чабуулчу жана коргоочу болуп бөлүнөт. Эгер топ себетке оюндун жүрүшүндө чектин ичиндеги аралыктардан ыргытылып түшүрүлсө - командага 2 упай, чектен сырткы аралыктан ыргытылып түшүрүлсө 3 упай эсептелет, ал эми айып белгиленген жагдайда түшүрүлсө 1 упай дан эсептелет. Оюн эки мезгилге (таймга) - чоңдор үчүн ар бири 20 мүнөткө, ал эми 13-14 жаштагы балдар үчүн 12 мүнөткө созулат. Топту муштум менен урууга же бут менен тебүүгө, оюндун жүрүшүндө атаандашты кармап калууга же түртүүгө болбойт.

Кичине балдар үчүн оюндун мини-баскетбол деп аталган түрү да бар. Мындан жөнөкөйлөштүрүлгөн эреже боюнча өтөт. Өлчөмү 12x6 м аянтчаны кадимки короодогу асфальтка сызууга болот. Ар командада оюнчулардын саны төрт-төрттөн, кээде андан да көп болушу мүмкүн. Баскетболчу топту эки колу менен тең торго таамай ыргытып, жаңылбай тосо билиш керек. Бул үчүн белгилүү бир мерчемге таштарды оң жана сол кол менен таамай ыргытууну үйрөнгөн пайдалуу. Үйдүн дубалына белги коюп, ага кол менен жетүү үчүн кайта-кайта секирип үйрөнгүлө.

Белгини улам жогорулатып уланта бергиле. Машыккыла!

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 16602, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо