Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Баскан жол чыгармасы жөнүндө

К. Акиевдин чыгармачылыгында бул мемуардык повесть маанилүү орунду ээлейт. "Баскан жол" чыгармасынын жаралыш тарыхы туурасында автор өзү: "Бул өмүр баяным башыбыздан кандай күндөр өткөнүнөн, эмне турмуштарды көргөндүгүбүздөн, толгон окуялардьга күбөсү болгондугубуздан кыскача гана түшүнүк берип, 1927-28-жылдардан баштап кагаз бетине түшүрүлдү", деп эскерет.

Эшмамбет ырчы менен беттешүү "Баскан жол" чыгармасынан
Акындын өмүр баяны туулган күнүнөн башталат. Атасы Акы Ажыбай уулу Жумгалдын Эмел деген жеринде туулган. Акы он төрт жашында атасынан жетим калат. Анын энеси Сулайка абдан сулуу, келбети келишкен аял экен. Баласын жетелеп күн көрүү үчүн төркүнүнө Ак-Талаага келет. Оор жашоодон улам эл менен кошо Сулайка уулу Акы менен бирге Кытайдын Кашкар деген жерине барат. Көп оорчулуктарды баштарынан өткөрүшөт. Колунан келген байлар Сулайканы уулу менен кошо бир байга сатып жиберет. Арадан жыйырма бир жыл өткөндөн кийин туулган жери Жумгалга кайтып келишет. Атасы Акы жыгач уста: кыргыздын боз үйүнүн уук, кереге, түндүк каалгаларын жакшы жасайт. Мергенчилик да кылат, жалаң кийиктин эти менен бир айылды баккан учурлары да болгон. Бул Калыктын өмүр жолундагы үзүндүлөрдүн бири.
Акын ырчы жар айтат,
Алдыңарга баратат.
Ала көөдөн балдардан,
Аксакалдар даана айтат.
Ырасын айтып бербесе,
Ыр түйүнү чечилбейт.
Саяпкер терге камынат,
Сай күлүк эртең чабылат.
Аты чыккан адамга,
Далай олжо табылат.
Бүгүн, эртең ырчылар,
Ырдап калбай не кылат.
Ар бир күлүк аттарга,
Бирден бала ээ кылат.
Акы устанын Калыгы,
Чарчагандай калыбы.
Аттанып ашка ырдабай,
Эмнеге талыды?
Унчукпайсың эмгиче,
Уурдаттыңбы малыңы?
Топко кирсең жанашып,
Токтонбогон бала элең,
Толкундаса ээ бербес,
Токтогулдай бар элең.
Топ жыйында ырдасаң,
Торгойдун тилин талашып,
Туруп калган экенсиң,
Токтогулдан адашып?
Атаң уста Акы эле,
Ак жыгачты кемирген,
Андан карды тоюнбай,
Жүргүзгөнү тегирмен.
Ач курсактын уулу элең,
Качан көөнүң семирген.
Аттанып ырдап оокат тапу
Ашка келген элиңден?
Сенин атаң Акы уста,
Асылган көңдөй терекке.
Алкак салып арчадан,
Түп кынаган челекке.
Ак кайыштай чоюлтуп,
Карыскан ийген элекке.
Оокатыңа ошолор,
Жарайт бекен керекке?
Как жыгачтын боорунда
Кантип болот береке?
Келиштирип кайыңдан,
Кереге матап үй кылган.
Кашык, чөмүч артынып,
Сенин атаң Акы уста,
Катындарга сый кылган.
Атамдай уста болом деп,
Бутуңа чарык тагынып,
Көрбөгөнүң калган жок,
Жаш чагыңдан камыгып.
Барсаң боло Кабакка,
Карагай турат сагынып.
Башың зорго бошонду,
Караталды жамынып,
Кошоматка ырдайсың,
Комузуң менен жагынып,
Комуз ырың болбосо,
Куурайт элең жабыгып.
Караталдын аркасы,
Жүргөнүң элге таанылып.
Сенин атаң Акы уста,
Ар кимдин кылган жумушун,
Как жыгачка сыйынган
Оокаты менен курусун,
Ач курсагы тоюнбас,
Сен Акы устанын уулусуң!
Жер дүңгүрөгөн күлкү менен эл курчады. Каратал байкаган жок белем, Мама деген агасы Эшмамбет сөздү Караталдын чоң атасы Самтырга келтирип атканын биле койду. Ой, сен жатасыңбы мурдуңду муштумдай кылып? Эшмамбеттин тентип-тербип катын-баласын таштап, карызынан качып жүргөнүн, азыр бойдок жүргөнүн, айта албайсыңбы? деп мени бет алып намыстантты. Мен Эшмамбетке карай сөз жөнөттүм:
Жар чакырат деп турсам,
Эшмамбет жабышканы келипсиң.
Жатакчынын итиндей,
Кабышканы келипсиң.
Жамандык менен Эшмамбет,
Таанышканы келипсиң.
Акынын уулу Калыкты,
Сүрөмүн деп келипсиң.
Тоскоол кылат турбайбы,
Сага Токтогулдун бардыгы?
Жаңыбай, Курман, Токтогул,
Сенин атыңды алып тандыбы?
Жаның күйүп ырдайсың,
Же жамбыңды тартып алдыбы.
Башканын баарын түгөтүп,
Же жалгыз атың калдыбы?
Өрдөктөр учпайт көлүнөн.
Өз айлына батпаган,
Өлөрман качат элинен.
Калың элдин ичинде,
Эшмамбет какмалаган эминең?
Таласта өстүң туулуп,
Калкыңдан качтың куулуп.
Минтип тирүү жүргөнгө,
Өлбөйсүңбү муунуп.
Байгазы менен Байтиктин,
Коногуна чай ташып,
Катуу келдиң Эшмамбет,
Бүгүн Калык менен байкашып.
Аш-той десе жатпайсың,
Аралап кимди мактайсың?
Калжаңдабай куруп кал,
Катын, балаң бакпайсың.
Эрте бышкан ашты уулап,
Эптеп жанды сактайсың.
Минтип жүрсөң Эшмамбет,
Эч береке таппайсың.
Сенин атаң Эшмамбет,
Алманын данын сепкенби?
Акы кыйган жыгачты,
Атаң айдап эккенби?
Анысын таштап Эшмамбет,
Алайга тентип кеткенби?
Адырдын кенин доолаган,
Бир акмак ырчы бет келди,
Өз атаң тирүү чагында,
Өрүктөн урук сепкенби?
Өрөпкүбөй сырыңды айт,
Өз колу менен эккенби?
Өрүгүн таштап Эшмамбет,
Өзөнгө тентип кеткенби?
Өзөндүн талын коруган,
Өлөрман ырчы бет келди.
Ээрге чапкан кайыңдын,
Баары атаңдан калдыбы?
Ээн чыккан тал, терек,
Дагы атаңдан калдыбы?
Атамдын балта-чотунун,
Сабы атаңдан калдыбы?
Карагай беле кайыңың,
Кайыңбы сенин зайыбың?
Жыгачтан башка бар болсо,
Атамдын айтчы айыбын?
Көк токойдо теректин,
Көңдөйүбү алганың?
Өрүк, жийде алганын,
Тиккениби балдарың?
Минтип жүрсөң Эшмамбет,
Адамга тийбейт жардамың!
"Байы чоңдун кулу чоң" дегендей, Эшмамбет ызаланып мени сөгүп, камчы күүлөп качырды. Мен дагы качырдым. Курчап турган көпчүлүк экөөбүздү камчы чабыштырбай ажыратышып кетишти. Каратал өзүнүн тарабындагы элдердин башчыларын чакыртып: Бу Байгазы ашына чакырып алып көрсөткөн эмне кордугу? Эр болсо ашын берип, атын чаап көрсүнчү? Бирөөнүн жыгач усталыгы менен эмне иши бар? Ырчысына кордотот! Биздин тарап аттангыла, кетебиз! деп жапырт аттанып жөнөштү. Башка болуштардан келген калыс кишилер арага түшүп, Караталга Байгазыдан ат тарттырып, жараштырып кайта ашка алып келишти.
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)