Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Баш оору

Ар кандай оорулардын көп кезигүүчү белгилеринин бири. Б. о-нун мүнөзү аны пайда кылган себептерге жараша болот. Кан тамыр ооруларында (гипертония, гипотония оорулары, шакый) баш лукулдап ооруп, чарчаганда, алкоголь ичкилигин ичкенде, тамеки тартканда, ошондой эле ызы-чуу, кескин жыт, өтө жарык таасир эткенде күчөйт. Гипертония оорусу менен ооругандарда уктап турганда көбүнчө баш салмактанып, кежиге ооруйт. Шакыйда приступ түрүндө кармап баштын бир жагы ооруйт. Көп учурда ички секреция бездеринин функциясы бузулганда, аялдардын этек кири келген же климакс мезгилинде да баш ооруйт. Караңгы жерде иштөө, алысты начар көрүү, көз оорулары, мисалы, глаукома Б. о-нун себептери болуп эсептелет. Желке жана үч ача нервдердин невралгиясында бет жана желке сайгылашып, ачышып ооруйт. Мээ жана анын кабыгы сезгенгенде кусуп, дене абдан ысып, баш катуу ооруйт.

Мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши, баш сөөк-мээ травмасы да Б. о-га себеп болот. Б. о. ар кандай жугуштуу ооруларды, ууланууну, нервдин бузулушун, ички органдардын ооруларын коштойт. Такай ооруса врачка кайрылуу зарыл. Анын себебин таппай, өзү билгендей ооруну басаңдатуучу дарыларды колдонуу, ден соолукка тескери таасир тийгизет. Врачка өз убагында кайрылып, негизги ооруну дарылоо Б. о-ну басат же азайтат. Күн тартибин туура уюштуруу маалы менен тамактануу, суу процедуралары, дарылоо гимнастикасы, желдетилген бөлмөдө уктоо, таза абада сейилдөө Б. о-ну басууга жардам берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)