Баш кийим жана баштык

Баш кийим жана баштыкБаш кийим — «Баш кийим бардык элде бар, Байыртан жашап келди алар, Атадан калган балага, Андан да кымбат эмне бар» (Байдылда). Бул — башка кийилүүчү кийимдин жалпы наамы. Ар бир элдин, жердин шартына, салтына жана жынысына карата баш кийим да ич ара бөтөнчөлөнөт. Кыргыз элинде калпак, тебетей, малакай, топу, элечек, шөкүлө, кеп такыя өңдүүлөр болгон. Баш кийим жылдын төрт мезгилине жана аба ырайына карата кийип жүрүүгө шартташат да, малдардын, андардын терилеринен, кийизден жана кездемелерден бычылып тигилген. Баштык — «Манаптан баштык тиктирип, Жем илейин дечү элем, Мамыркандын ашына, Бир минейин дечү элем» (Тоголок Молдо). Бул кийизден, таардан, териден, кездемеден жасалып, түрдүү нерселерди салуучу жана жанда алып жүрүүчү чакан буюм, идиш. Ага ар кандай кийиз оюмдары, сайма, терме, чырмак көчөттөрү да түшөт. «Кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» дейт.

Аларга: туз баштык, самын баштык, чай баштык, жем баштык, нан баштык, аш (тамак) баштык өңдүүлөр кирет. Азыр баштыктар өз формасын жана колдонмолук маанисин өзгөртүп, жалаң жанда алып жүрүүгө шартташууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)