Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Барсбек кыргыздардын каганы

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Барсбек кыргыздардын каганы

7-кылымдын аягы - 8-кылымдын башында кыргыздардын Енисейдеги мамлекети коншуларын олуттуу эсептешууго мажбурлаган. Анын башында Барсбек ажо турган. Анын урматына жазылган эпитафиядагы маалыматтар боюнча ажо байыркы кыргыздын башкаруучу династиясынан чыккан, атадан эрте ажырап жетим болуп калган, торт бир-туугандары болуучу, тайгандар менен ан уулоону жакшы коргон. Барсбектин уруусу Умай-эненин озгочо колдоосунда деп эсептешкен жана анын туугандары сейрек кездешуучу Умай бег аттуу наам алып журушчу. Барсбек Борбор Азиядагы саясий кырдаал татаал кезде кыргыздарга башчылык кылган. Ушу кезде Орхон турктору (Монголияда) Тан империясынын эзуусуно каршы которулушко чыккан. Алар кытай жоокерлерин ошондой эле алардын союздаштарларын бир нече ирет женип чыгышкан. Натыйжада, Ашина династиясынан чыккан Кучлуг башында турган турктор Экинчи Турк кагандыгын тузушот. Кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле устуртон болуп турган кытай бийликтин ордуна аларга устомдук кыла турган кучтуу олконун болушун каалаган эмес. Алар Баз каганынын курыкандар, тогуз огуздар, татарлар, кытайлар менен чогулуп, Тан империянын союздаштары болуп чыккан.

688-жылы чыгыш турктор Баз кагандын коалицияларын талкалап, бут бойдон талаанын ээлери болуп калат. Кыргыздар ушул салгылашууга катышышкан эмес, ошол себептен оздорунун жоокерлерин сактап калат. Барсбек ажо Турк кагандыгынын тундук чегараларындагы туркторго каршы кучторго башчылык кылып, ушундан коп отпой эле Барсбек Ынанчы Алп Билге деген наамын каган титул менен кошо кабыл алган. Турктордун каганы Капаган (693-716-ж.) кыргыздардын коркунучун жоюуну чечет. Билге башчылык кылган турктордун Енисейге жасаган биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктайт. Аскерлер кыргыздардын чегарасына жеткен кезде токтотулуп жана тынчтык келишими тузулгон. Келишимге ылайык, Капаган Барсбекти каган деп билип, ага оз жээнин аялдыкка берген. Ушул келишим Барсбек каган Ынанчы Алп Билге абалын бекемдеген.

[ushka=seredina]

8-кылымдын башында Барсбек туркторго каршы жигердуу тышкы саясатты жургузгон. 707-709-ж. ал ошол кезде турктор менен салгылашып аткан Кытайга эки элчилик жиберген. Туркторго карама-каршы союзду уюштуруу, Барсбектин дипломатиялык демилгеси, Тургош кагандыгына да тараган. Чуй ороонундогу тургошторго Эзгене кол-башчылык кылган элчилик жиберилет. 709-ж. Барсбек туркторго каршы кубаттуу коалицияны тузгон.

Ага Тан империясы жана Тургош кагандыгы кирген. Бул биримдикке Тибетти тартуу учун ал жакка таланттуу элчиси Эрен улукту жоноткон. Турк кагандыгынын корунуктуу жана саясий аскер ишмерлеринин бири Тон-Йокуктун эстелигинде томондогудой маалыматтар бар: «Табгач (кытайлык) каган биздин душман болчу. Он ок (тургоштордун) каган дагы биздин душманыбыз. Бирок эн чон биздин душманыбыз кыргыздардын кучтуу каганы». Турктор кутпостон союздаштарга биринчилерден болуп кол салып, жалгыздап талкалоону чечишет. Алар биринчи чабуулду эн коркунучтуу душман эсептелген кыргыздардан баштаган. 709-ж. турктордун кошууну Енисейдин баш жагынан кечип отуп, кыргыздарга союздаш чик, кичи урууларды талкалап, Туваны ээлеп, аны кыргыздарга чабуул коюу учун плацдармга айландырышкан. Кыргыздар Тувадан Енисейге капчыгай менен кеткен негизги жолду бийик кырка менен тосуп койгон (ушул убакка чейин анын калдыктары сакталып калган).

Барсбек Саяндагы башкы маанилуу ашууларды ээлеп, жуз пайыз коопсуздук камсыз кылдым деп ойлонуп, союздаштардын жардамын кутуп калган. Бирок тургоштор да, кытайлар да оз чек араларын бир гана коргоо менен чектелишкен. Ал эми турктор Саян кырка тоосундагы кыргыздар корголоп туруучу жолдорду тегеренип отуп, кышкы бороон-суукка карабай татаал жол аркылуу отууну чечишет. Бул жортуулга турктордун келечек каганы Билге ошнодой эле анын бир тууганы Кул тегин катышкан, бирок ага иш жузундо Тон-Йокук башчылык кылган. 710-711-ж. кышында алардын аскерлери кыргыздарды кутулбогон жерден каптап киришкен. «Биз кыргыздарга уйкуда жатышканда кол салып, жолду найза менен салдык» деп байыркы турктордун жазма эстелигинде эскертилген. Кыргыздардын негизги кучтору талкаланып, Барсбек аман калган колун Сунга токоюна (азыркы Хакасияда) топтоп, ожорлук менен каршылык корсотту.

Айыгышкан чон салгылашуу 1 жумага созулуп, кыргыздар толук кыйратылган. Барсбек бетме-бет салгылашууда каза болгон. Ага ошол жерге эпитафия коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 18436, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо