Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Барсбек каган

Барсбек (Барс-бег Ынанчу алп Билге) – VIII к. башында Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу.

VII к. аягында – VIII к. башталышында кыргыздардын Эне-Сайдагы мамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек каган турган.


Барсбек кагандын тушундагы өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы.

Сөз кыргыздардын байыркы тарыхындагы эң чоң "ак тактардын" бири тарыхты жаратышкан инсандар жөнүндө, алиге чейин белгисиз калып жаткан кыргыз элинин баатырлары жөнүндө маалыматтардын дээрлик толук жок экендигинде. Башка тилдеги бир дагы байыркы же орто кылымдардагы тарыхый булакта кандайдыр бир кыргыздын жеке ысмы так эскергилген эмес.

Түрк элдери (алардын ичинде кыргыздардын өзүлөрү да) жазууну үйрөнүшкөнгө чейин ушундай болгон. XIX к. экинчи жарымында орус илимпоздору Энесайдан табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу VIII к. башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып, анда кыргыздардын каганы Барсбек жөнүндө айтылган. Бул жазуу булагында кездешкен биринчи кыргыз ысымы эле.
Барсбек Ынанчу Алп Билге каган VIII кылымдын башында Энеcайдагы кыргыз каганатынын башкаруучусу.

Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен Улуг деген элчиси баш болгон өкүлдөрүн Тибетке жиберген.

Барсбек 711-ж. түргөштөрдүн башчысы Сакал каган менен бирдикте Экинчи Чыгыш түрк каганатына каршы урушка даярданган, бирок Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы Капаган тезинен Көгмөн тоосун ашып, Барсбектин ордосуна кол салган.

Барсбек 711-ж. Суңга чер-токоюнда болгон согушта курман болгон.

Кийин бул ысым терең изилденмек тургай, кайдыгерлик менен жөнү жок эстен чыгарылып ташталган эле.

Биз ал тууралуу маалыматты совет доорундагы "Кыргыз ССР тарыхынан" алгачкы үч басылышынан таппайбыз. Барсбек тууралуу "Кыргыз ССР тарыхынын" төртүнчү басылышында гана кыскача эскертилген.

Анын урматына арналып жазылган эпитафияга ылайык Ажо Барсбек байыркы кыргыздардын башкаруучу династиясынан чыккан, атасынан эрте жетим калган, төрт бир тууганы болгон, тайган менен аң уулоону аябай жакшы көрүүчү.

Барсбектин уруусун Умай-эненин өзгөчө колдоосунда деп эсептешчү. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умай-бег деген наамды алып жүрүшчү. Барсбектин агалары да инилери да болгон.

Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн жана Борбордук Азиядагы эң татаал саясий кырдаалда кыргыздарга башчылык кылган.

Түрк каганаты доорундагы кыргыздардын каганы Барсбек тууралуу китептерде, макалаларда окшош ойлор жазылып келет. Айрымдар, анын доору менен "кыргыздардын жылдыздарга жеткен сааты" деп аталган Кыргыз каганатынын доорун чаташтырып жүрүшөт. Чындыгында, Кыргыз каганаты 840-жылы Барсбек өлгөндөн 129 жыл өткөн соң түптөлгөндүгү анык.
рит

Түрк каганаты доорунда жазылган Орхон-Енисей жазууларында Барсбек тууралуу маалыматтар бар. Анда Барсбек Түрк каганаты экиге: Батыш жана Чыгыш каганаттарына бөлүнгөн соң, андагы Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүп, кыргыздарды жетектеген тарыхый инсан болгондугу айтылат. Ал кезде кыргыздар Барсбектин жетекчилигинде Чыгыш Түрк каганатына каршы түргөштөр, кытайлар менен биримдик түзүшкөн. Муну баамдаган Чыгыш Түрк каганы Капаган кыска мөөнөттүн ичинде Көгмен (Саян) тоолорун ашып түшүп, Барсбектин ордосуна кол салган.

Жогоруда баяндалган кол салуу 711-жылы болгон. Бул тууралуу Монголиядагы Орхон суусунун өрөөнүнөн табылган ташка чегилген жазууда төмөндөгүдөй баяндалат:

"Атыбызды жөө жетелеп, тоонун кырына чыктык... Токой каптаган чоку аркылуу аштык. Эбегейсиз кыйынчылык менен кайра төмөн түшүп, кыргыздарды чочутуп албас үчүн, көчкүлөрдү айланып өтүп, тоо этектеп жүрүп отурдук..."

Ушул окуяга чейин, кыргыздарды Түрк каганаттарына баш ийдириш үчүн, түрктөр Барсбекти өздөрүнө ийгерүүнүн амалын издешкен.

Натыйжада канзаада Күлтегиндин карындашын Барсбекке зайыптыкка беришкен.

Монголияда сакталган ташка чегилген жазууда мындай делет:

"Барсбек эле, каган атын мында биз бердик, ага сиңдими (карындашымы) зайыптыкка бердим. өзү жаңылды... Каганы өлдү, эли күң менен кул болду. Сүңгүштүк, найзалаштык эли менен".

Орхон-Энесай жазууларындагы Тонүкүккө арналган эстелик жазууда: "Табгачтын каганы, он ок (түргөштөр) каганы биздин душманыбыз болгон. Баарыдан өткөн душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы болгон", - деген маалымат кездешет. Барсбек кыргыздарды сайдан, кырдан жана тоону байырлаган аймактардан чогултуп, эл кылып, ошол элдин өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн.

711-жылы Чыгыш Түрк каганаты кыргыздарга күтүүсүздөн кол салып, Сунга токоюндагы кызыл кыргында Барсбек курман болгон. Анын сөөгүн кыргыз салты боюнча урмат-сый менен коюуга мүмкүн болгон эмес. Ошентип, кыргыздар Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кулаганга (745-ж.) чейин азаттыгынан кол жууп, букаралыкта жашап калышкан.

Барсбек орто кылымдардын эрте мезгилинде Эне-Сайды жердеген кыргыздардын башын бириктирип, алдуу-күчтүү, эркин мамлекет курууну көздөгөн.

Ички Азия аймагын камтыган, азыркы кыргыздар мекендеген чөлкөм Батыш Түрк каганатына, ал эми ата-бабаларыбыз байырлаган чөлкөм Чыгыш Түрк каганатына карап турган кезде Барсбек Түрк каганатына каршы саясатын жигердүү жүргүзгөн.

Барсбектин эли ал кезде бодун деп аталган, бул алардын ички биримдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

Кыргызстандын Ош шаарында 2011-жылы Барсбекке эстелик курулган.

Азыркы тапта Кыргызстанда Барсбек ысымдары балдарга арбын коюла баштады.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)