Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Барпы Алыкулов (1884-1949)

Барпы АлыкуловАкын-импровизатор Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ачы айылында 1884-жылдын 30-сентярында кедей-кембагалдын үй-бүлөөсүндө туулган. Сегиз жашынан кулак-байларга иштеп, Кыргызстанга Совет бийлигинин келиши менен өзүнүн жаңы жашоосун курууга активдүү катыша баштайт. Басмачыларга каршы күрөш жүргүзөт. 20-жылдары крестьян комитетинде төр ага болуп, Жалал-Абад кантонунун (азыркы Сузак району) Чанген айылдык кеңешинде төр аганын орун басары болуп иштейт. Ошондой эле өз айылында колхоздун уюштуруусунда чоң иш-чараларды алып барат.

15 жашынан ал кездеги атактуу акындар менен Барпы өзүнүн байлардын жана манаптардын адилетсиздигин, ач көздүгүн чагылдырып, эзилген элдин оор абалын айтып. айтыштарга түшөт. Совет бийлигинин тамыры кыргыз элине жайылганда, акын айылдарга барып Ленинди, Улуу Октябрды, Коммунистикалык партияны Улуу агам - Ленин, Бул ырдын аты - Октябрь, Партия аттуу ырларында дилгирленип ырдай баштайт.

1929-жылы катуу оорудан кийин Барпы Алыкуловдун эки көзү көрбөй калат, бирок ошого карабастан коомдук жашоого активдүү катышып, ырларын жаза берет. Акындын чыгармачылыгында Токтогул Сатылганов менен болгон кездешүүсүндө унутулгус из калтырат. Барпынын Буракжан, Мырзайым, Арзыкан, Мөлмөлүм, Дилбар, Гүлдөгөн кыздар, Ак жылдыз жана башка ырлары кыргыздын сүйүү лирикасынын классика үлгүсү болуп калган.

Лирика - Барпы Алыкуловдун ыр чыгармачылыгынын негизги багыты эле. Табияттын сулуулугун, көркөмдүгүн ыр аркылуу ушундай чебердик менен берип, ошону менен кошо адам баласынын ички дүйнөсүн дагы сүрөттөчү. Ошол эле Аккан суусунда, Шамалында табияттын күчү жөнүндө философиялык ойлорун терең ачып бере алган.

[ushka=seredina]

Акындын чыгармаларында айтыштар өзгөчө орунду ээлейт. Ал бул жанрды чебер деңгээлге чейин жеткирип, буга Барпы менен Токтогулдун айтышы күбө.

Ошондой эле Барпы Алыкулов кенже эпостордун айтуучусу да болгон дешет. Анын оозунан Кулмырза жана Аксаткын, Жалайыр жалгыз, Эр жөлөң поэмасы жана башкалар жазылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары ал совет аскерлерин дилгирленген ырлары аркылуу Мекенди фашисттерден коргоого чакырат. Барпынын ырлары 1943-жылдан тартып 1949-жылга чейин жазыла берген.

Акын дүйнөдөн кайткандан кийин анын Тандалма ырлар жыйнагы басылып чыккан. Классикалык акын поэзиясынын чыгармалары кыргыздын Алтын фондусуна кирип, кыргыз элинин абдан баалуу мурасы болуп эсептелет.1947-жылдан тартып СП СССРдин мүчөсү. Сузак районундагы айылга Барпы Алыкуловдун ысымы берилип, анын аты айыл-шаарлардагы көптөгөн мектептер, көчөлөр алып жүрөт. 1949-жылы Барпы Алыкулов дүйнөдөн көзү өткөн.

Барпы Алыкулов

Ынтымак ырынан узунду:
Ынтымагы бар элдин
Таалайы, багы ачылат.
Ынтымагы жок элдин
Тапканы бекер чачылат.
Ынтымагы бар элдин
Эли чогуу жыйылат
Ынтымагы жок элдин
Эли качып суюлат.

Кыргыз тилиндеги чыгармалары:
Тандалма ырлар, 1949-жыл, (107бет)
Тилек: Ырлар жыйнагы, 1951-жыл, (124бет)
Тандалган чыгармалар, 1955-жыл, (284бет)
Мектеп жөнүндө ыр, 1957-жыл, (45бет)
Чыгармалар: Бир томдук, 1960-жыл, (288бет)
Чыгармаларынын бир томдук жыйнагы, 1970-жыл, (288бет)
Табият сапаты: Ырлар, 1973-жыл, (20бет)
Мөлмөлүм: Ырлар, 1974-жыл, (145бет)
Бала чак: Ырлар, 1978-жыл, (16бет)
Тандалмалар, 1984-жыл, (272бет)
Табият сымбаты: Ырлар, 1987-жыл, (20бет)

Орус тилинде:
Тандалмалар: Ырлар, 1958-жыл, (148бет)
Ырлар, 1958-жыл, (111бет)

Чериң жазылат ырынан үзүндү
Ариет менен намысты
Алсаң чериң жазылат.
Колуң менен дасторкон
Салсаң чериң жазылат.

Шилтегенде каз алса,
Куштун чери жазылат.
Босого бою кар түшсө,
Кыштын чери жазылат.
Кычыратып чайнасаң.
Тиштин чери жазылат.
Кармаганды бүтүрсөң,
Иштин чери жазылат.

Жыйырма беш жык толсо,
Күчтүн чери жазылат.
Эт кайнатып, мол салсаң,
Туздун чери жазылат.
Шыбырашып сүйлөшсө,
Шыңкылдашып күлүшсө,
Кыздын чери жазылат.

Алыскыны тез көрсө,
Көздүн чери жазылат.
Артыкча чечен сүйлөсө,
Сөздүн чери жазылат.
Шамал келсе ыркырап,
Кырдын чери жазылат.
Сындап айтып отурсам,
Ырдын чери жазылат.
Боекчуга жолукса,
Сырдын чери жазылат.
Телефон кагып сүйлөсө,
Зымдын чери жазылат.

Ак буудай салып жайласа,
Сүкөндүн чери жазылат.
Усталар иштеп отурса,
Дүкөндүн чери жазылат.

Сайма тигип отурса,
Чебердин чери жазылат.
Чапкандай белге байласа,
Кемердин чери жазылат.

Кырдай кылып топтосоң,
Самандын чери жазылат.
Токойдо жүрүп мас болсо,
Камандын чери жазылат.

Кең көчөдө ойносо,
Балдардын чери жазылат.
Эл чогулган жыйында,
Балбандын чери жазылат.

Айтып ырдап отурса,
Акындын чери жазылат.
Аябай жоого качырса,
Баатырдын чери жазылат.
Эгизге тиксең жанаша,
Чатырдын чери жазылат.

Кургак отун каласа,
Оттун чери жазылат.
Эсептеп турсаң шакылдап,
Чоттун чери жазылат.

Жайылып бетте оттосо,
Койдун чери жазылат.
Жарашыктуу тон кийсең,
Бойдун чери жазылат.

Чеберлер тиксе келтирип,
Тондун чери жазылат.
Сапар чексең алыска,
Жолдун чери жазылат.
Боз эшекке токуса,
Чомдун чери жазылат.

Тоолордун кары эрисе,
Суунун чери жазылат.
Маңдайлашкан эр келсе,
Туунун чери жазылат.
Көгөрүп өссө көйкөлүп,
Дарактын чери жазылат...

Белгилүү адамдар барпы жөнүндө
Барпы - Аалам менен ойлонуп, Аалам менен курулуш жөнүндө ырдаган даанышман санатчы. Чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрү менен салыштырылып бааланчу феномен. (Кадыркул Даутов)

Барпы поэзиясындагы көркөмдүк касиеттер, чеберчилик өзгөчөлүктөр, албетте акындын зор талантында, анын акылмандыгында. Бул баарыдан мурда акын этек толо сөз каухарына канып, сөз тереңине эркин чабак ургандыгында. (Түгөлбай Сыдыкбеков)

Барпынын поэтикалык тили дал ушул үч кубулуштун ширелип, кудум комуздун үч кылы сыяктуу күүгө келген учурунан кабар берет. Акындын тили метоформалдуулугу, сырга бай, ойго тереңдиги менен гана эмес, шириндиги менен да айырмаланып турат. (Хусейин Карасаев)

... Акын ырларында кубулуштардын фактылык жагына пайдалуулугуна гана көңүл бөлбөстөн, алардын ички маңызына, карама-каршы жактарына сүңгүп кирүүгө аракет кылган. (Али-Аскар Байбосунов)

Түбүндө эгим бербесе,
Түрмөнтүп сөздү ким табат.
Түбөлүк өчпөс Барпы акын
Түштүктөн чыккан бир талант.
(Жолболду Алыбаев)

Кыргыздан чыккан Барпы ырчы,
Кыйланы жеңген алп ырчы.
Көр болгон менен, ыр жактан
Көздүүнү артка калтырчу.
Мөлмөлдү андай айта албайт
Жыйылып келсе жалпы ырчы.
(Сооронбай Жусуев)

Албетте, Барпы Алыкулов өз заманынын, ошондой эле учурдагы замандын дагы улуу акыны болуп келүүдө, бул анын чындыгында улуулугун, көсөмдүгүн, чыныгы акындыгын туюндуруп турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 31964, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-10-01
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо