Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Банк деген эмне

Бул макала "банк деген эмне", банктын клиенти ким, банктар кандай кызматтарды сунуштайт, жана банктын кандай түзүмдөрү бар экени жөнүндө болмокчу. Банк активдерине, киреше булактарына байланышкан жана башка суроолорго дагы жооп жазууга аракет кылабыз. Бул макала банк клиенттерине дагы, жаш финансисттерге дагы пайдалуу болот деп ишенебиз. Албетте, макалада Кыргызстандын банк системасын ийне-жибине чейин казуудан алысбыз.

Мазмуну

Банк түнүшүгү — мааниси, аныктамасы

Банк — бул акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу металдар, ошондой эле кардарларына (жеке жактарга гана эмес, юридикалык жактарга, компанияларга, мекемелерге, мамлекетке) ар кандай финансы кызматтарын жасоочу финансы-кредиттик мекеме. Банк деген сөздүн келип чыгышы италиялык "banco" деген түшүнүгү менен байланыштуу, аны которгондо, стөл, орун дегенди түшүндүрөт, мурда андай жерлерде тыйын алмашуулар болгон. Бүгүнкү күндө банк менен байланышы жок адамды же банк жөнүндө укпаган адамды элестетүү кыйын.

"Bank note" деген сөздү уктуңуз беле? Ал кадимки эле "банкнота" же акча дегенди билдирет, башкача айтканда акча деген сөз дал ушул bank note дегенден чыккан, бул тема боюнча биздин акча деген эмне аттуу макалабыздан толук окуп алсаңыз болот. Ал эми «банк» сөзү жөн гана сактоочу жай болуп түшүндүрүлөт.

Банк кызматтары

Банк негизинен эркин акчасы бар адамдардын жана ал акчасы менен белгилүү бир убакытка арылууга даяр болгон же акча каражатына муктаж болгондор ортосунда ортомчу мекеме. Кеңири таралган банк кызматтары төмөнкүлөр менен байланыштуу:

Банк түрлөрү

Көптөгөн батыш өлкөлөрүндө кеңири таркаган, ошондой эле Кыргызстанда дагы эки деңгээлдик банк системасы жок дегенде банктын эки түрүн сунуштайт алар:

  1. Коммерциялык — жеке жана юридикалык жактар менен иштөө менен кеңири спектрдагы кызматтарды сунуштайт, ал жөнүндө бираз төмөнүрөөк жакка жазалы. Булардын негизги максаты жеке кирешесин максималдаштыруу. Булардын ичине баарына белгилүү болгон кредиттик компаниялар, айтпасак деле билет болушуңар керек.
  2. Борбордук — негизинен кайра финансылоо ставкасынын өлмчөмүн орнотуу менен жана акча эмессия жолу менен өлкөдөгү кредит-акча саясатын аныктайт. Бирок мындай бөлүштүрүү абдан үстүртөн, анткени коммерциялык банктарды специализациясы менен айырмаланышы мүмкүн. Булар жөнүндө айткан соң, коммерциялык банктар арасынан төмөнкүлөрдү белгилеп кетсек болот:

Башкаруу органдар

Жогорку башкаруу органы - акционерлер кеңеши - саясатты, өнүгүү багытын аныктайт. Акционерлер кеңеши директорлор кеңешине же ревизиялык комиссияга таасирин тийгизе алат. Директорлор кеңешинин маселесине өнүгүү стратегиясынын жана коммерциялык иш-аракеттин пландарын түзүүлөр, жаңы кошумча филиалдарды ачуу же рентабелдүү эместерин жабуу кирет. Ревизиялык комиссия өз учурунда мекемедеги финансы агымдарын көзөмөлдөйт.

Негизги аткаруучу орган - банк башкармалыгы, шартка ылайык ал жакка банктын ири акционерлери кирет.

Банк функциялары

Тапшырма, маселе жагынан "банк деген эмне". Салт болуп калгандай банк тарабынан аткарылуучу негизги бир нече функциясын айтсак болот:

Активдер

"Банк деген эмне" суроосунда активдер дагы маанилүү ролду ойнойт. Башкача айтканда бухгалтердик эсепке алуу жагынан, банк ишмердүүлүгүнүн маанилүү жагын активдер ээлейт - банк ресурстарынын кандай иштетилип жаткандыгын көрсөтүүчү объектилер (тактап айтканда анын жеке капиталы жана каражаттары, салуучуларды тартуу). Албетте, активдер ар кандай жана өз ара көрсөткүчтөрү менен айырмаланып турат, мисалы: багыты боюнча, ликвиддүүлүгү жана тобокелдиги, жайгаштыруу мезгили ж. б.

Активдердин бөлүнүшү

Банктарда киреше эмнеден пайда болот?

Банк мекемелеринин кирешеси биринчиден депозиттерден жогоруураак коюм (ставка) менен насыя берүүдөн калыптанат. Башкача айтканда салуучулардан каражаттарды тартуудан, андан соң бул каражаттардын негизинде кардарларга ссудаларды жогоруураак ставка менен берүүдөн банк акча табат. Бул айтылуу баалуу кагаздарга активдерди салуудан пайда болгон пайыздык киреше. Бирок бул банктын акча табуусунун жалгыз ыкмасы эмес. Банктар пайызсыз киреше дагы таба алышат, алар төмөнкүлөрдөн калыптанат:

Интернет банк

Банк жөнүндө сөз баштаган соң, интернет банк жөнүндө кеп кыла кетели. Кадимки банк түшүнүгү менен бирге интернет банк түшүнүгү (же клиент-банк) бар. Бул банк тарабынан кардарга берилүүчү/сунушталуучу кызмат. Бул кызмат аркылуу кардар эсеп-кысап же дагы башка операцияларды банк кеңсесине барбастан эле жүргүзө алат. Каалаган интернет байланышы бар жерден же кадимки уюлдук телефон аркылуу эсептин абалын текшерип, акча каражатын которуу жана башка операцияларды жүргүзсө болот. Кызмат мүмкүндүк алуу үчүн болгон логин жана сыр сөзгө ээ болуу керек. Көп учурда мындай кызмат акысыз берилет.

Макалабыздын темасы "банк деген эмне" болгонуна карабастан өзүңөр түшүнгөндөй эле бул теманын ичинен кызыктуу учурларды кезиктирсеңиз болот. Бизге белгилүү болгон кредиттик мекемелер 17-кылымдан тарта көптөгөн өзгөрүүлөргө учурады. Бирок эми бул башка тема. Азыр банк мекемелердин жардамы жана алардын кызматтары менен финансы маселелерин оперативдүү чечүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-03-05, Көрүүлөр: 15143, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо