Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жана текечер

Бул ыктуу айкалыш биргелешкен жумуш, достук, сүйүү жана никеге төп келет. Текечерлер мамилелерге ишенимдүүлүктү жана монументалдуулукту берип, алар менен Балыктар ишенимдүүлүктү сезип, максатты көрөт. Балыктар болсо мамилелерге сезимдерди, ар-түрдүүлүктү жана асылдуулукту алып келет. Жоопкерчиликтердин сыйкырдуу болуштурулушу бул никенин бекем болуусуна себеп болот - Текечерлер башкарат, ал эми Балыктар жол берет.



Көп учурда булар бирдей сезип жана ойлонот, жана эч кандай күч-кубатты талап кылбоочу шериктештикке карганда, пикир келишпестиктер сейрек кездешет. Бирок пикирлеринин карама-каршы болгон учурда да, булар компромисстерди табып, бири-бирин чебердик менен көз караштарын кайтартышат.



Бирок айырмачылыктар да аз эмес. Мисалы, көп эле Балыктар формалист боло бербейт, булар көп нерсени олуттуу карабайт, анын үстүнө салттарды жана ар кандай шарттуулуктарды да кабыл албайт. Ошого карабастан Балыктар жай болушуп, ашыкча жол берүүчүлүккө ийимдүү.



Бул биримдиктин эң жакшы варианты бул - Балыктар мырза жана Текечер айым болгондо. Булардын ортосунда күчтүү сексуалдык кызыгуу гана эмес, чоң мүдөөлүк жана интеллектуалдык окшоштук болот. Үй-бүлөөдөгү башкы ролду чыныгы үй-бүлөөлүк таяныч болуп Текечерлер ойнойт.



Айкалыштар тескерисинче болгондо Балыктарга суктанууга болбойт, анткени, назик көңүл бурууларга жана сүйүү оюндарына, жумуштан колу бошобогон Текечердин убактысы болбойт. Бирок ишенимдүү жана бай шериктеш катары Текечерлер Балыктарга тынчтыкты, ишенимдүүлүктү жана коопсуздукту алып келет. Ошондуктан мындай кырдаалда да ажырашуулар абдан сейрек болот.



Ошондой эле бул мамилелер түгөйлөр үчүн мүдөөлүк өнүгүүнү камсыз кылат. Буларга өз өнөктөшүнөн канчалаган укмуштай нерселерди алууга мүмкүн экенин түшүнүү зарыл, анткени Текечерледин жер тарткан жаны дайыма өзүн өзү байытып турат, ал эми Балыктардын суу тарткан жаны бул шериктештикте коопсуздукка ээ болот. Кез-кез болуп туруучу оорчулуктарды акыл-эстүүлүк жеңүүгө жардам берет.



Физикалык жакындыктар Балыктарга жана Текечерлерге бири-биринин сезимдерин байытуучу терең сезимдерге айланат. Текечерлер Балыктарга ишенип, физикалык байланыштан кийин эбегейсиз жаңыланууну сезет; бул санаасыз жана күнөө сезимсиз, капыстык бакыт... Ал эми Балыктар түгөйүн бактылуу кылгандыгы үчүн өзүлөрү бактылуу болот. Жакындыктагы унчукпастык бул - бири-бирине айтууга сөздүн түгөнгөнү эмес, бул мындай учурдагы сөздүн кереги жоктугу, анткени буларжын унчукпаганы өз ара түшүнүүгө жана терең сезимдерге толуп турат. Дал ошондуктан бул эки зодиак белгисиндеги адамдардын ортосундагы уруш-талаштар көпкө созулбайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 864, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо