Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балыкчы шаарынын негизги планы

Балыкчы шаарын өнүктүрүү боюнча негизги документ. Бишкек менен Караколдун ортосунда почта байланышы түзүлгөндүгүнө байланынггуу азыркы Балыкчы шаары жайгашкан жерде 1871-жылы Көтмалды почта станциясы орношкон. 1907-жылдан Бачин поселкасы аталган. Анда 10 түтүн эл жашап, почта жолун тейлеп, балык кармашкан, кийинчерээк көлдүн түштүгүндө тактай тилүү иштери уюштурулгандыгына байланыштуу тактай жана башкалар жыгач материалдарын ташыган. 1909-жылдан Балыкчы (Рыбачье) деп аталып, географиялык картага түшүрүлгөн. 1916-жылы поселкадагы 24 түтүндө 137 киши жашаган, 1939-жылы 5,4 миң кишиге жеткен. 1954-жылы шаар статусун алган.

1939—40-жылы поселканын негизги планынын алгачкы схемасы (архитектор В. К. Змиевский) түзүлүп, анда түз көчөлөрдү бойлото имарат куруу белгиленген. 1948-жылы 1-негизги планы (архитектор П. П. Иванов) түзүлө баштап, ал 1955—56-жылдары да улантылган (архитектор М. айыл Милов). Биринчи негизги планда шаардын өзгөчөлүгү толук көңүлгө алынбай, турак жайлар көлдөн өнөр жайлуу зона жана темир жол менен бөлүнгөн. Ысык-Көлдүн батышындагы өнөр жайлуу жол тоому катары, шаардын экономикалык маанисинин жогорулашына байланыштуу 1962—63-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорлоо институту негизги планга өзгөртүү (архитектор айыл Мокенов, экономист Т. 3. Жантиева) киргизген. Шаардын көл жаккы бөлүгүнөн айрым өндүрүш объектилерин жана темир жол тармагын алып кетүү белгиленген; автомобиль транспорту менен т. ж-ду бүт шаардын сыртына чыгаруу пландаиггырылган.

Шаар аймагын зоналарга так бөлүштүрүү долбоорлонууда. Турак жай жана өнөр жай склад зоналары шамалдын күчүнө жараша ыктоолонуп бөлүнгөн. Турак жай зонасы (коомдук соода борборлору кошо) 2 районго бөлүнөт. Шаардын пландаштыруу бирдиги - кичи район (бардыгы 12 кичи район) болуп эсептелет. Композициялык чордонун коомдук борбор түзөт; ал турак жай жана өндүрүштүк курулунггардан бирдей алыстыкта болот.

Шаардын борборуна жакын жээк аймактарда (скла жана базарлар орношкон) спорт комплекстерин куруу пландаштырылган. Катуу соккон шамалдан калкалоо максатында шаарды айланта токой тилкесин (айрым жерлерде ал токой паркына өтөт) тигүү белгиленген. Ысык-Көл курорт рнун пландапггырууга байланынггуу негизги планга 1980-жылы түзөтүүлөр киргизилген (архитектор айыл Г. Стрижаченко, В. айыл Аржанникова, Г. Р. Чмонин, экономист Т. 3. Жантиева, транспорт боюнча инженери Г. Г. Варгина, В. В. Падыряк). Эки жактан келе жаткан автомобиль транспорту шаардын сыртынан өткөрүлөт. Фрунзе жана Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөлөрү менен троллейбус унаасы жүргүзүлөт.

Көл жээгиндеги темир жол ал жерден алынып, шаардын сыртынан өткөн айлампа жолго катар салынат. Шаарда шамалдан калкалоо бульварлары пайда болот. Көл жээги (мындагы өндүрүиггүк объек-тилер алынып кетилет) жашылдандырылып, калк эс алуучу негизги зонага айландырылат. 1987-жылы шаардын борбору бөлүгүнүн план-долбоору (архитектор айыл Т. Стрижаченко, С. С. Ильяев, В. Е. Кудрявцев, Д. Б. Кулбатыров) дыкаттык менен иштелип чыккан.

Долбоордо коомдук имараттарды комплекстүү куруу чечилген. Фрунзе көчөсүн бойлой бак-дарак, гүлзарлар менен 9 кабат үйлөр бири-бирин шамалдан калкалагандай кылып, топтопггурулуп курулат; мында шамалдаң калкалоочу бак-дарактар тигилет. Бири-бирине тийишип, ыкташкан үйлөрдөн турган үч турак жай чөлкөмүн куруу пландаштырылган. Ал үйлөрдүн шамалдан калканч жактарына мектеп, бала бакча куруу белгиленген. Башкы долбоорду түзүүдө шаардын климаттык өзгөчөлүгү, жердин шарты эске алынып, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу негизги максат болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)