Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын кийим-кечеге карата талаптары

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын кийим-кечеге карата талаптары

Организмди сууктан, ысыктан, шамалдан, жаандан, күн нурларынан, чаңдан ж. б. коргогон кийим. Ошондуктан кийим жарашыктуу гана болбостон, өзүнө ыңгайлуу жана айланасындагыларга жаккандай, жеңил, бышык жана дайыма таза болуш керек. Кийим тигилген кездемеге биринчи талап, анын өткөргүч касиетине коюлат. Жакшы өткөргүчтүү кездеме организмдин табигый аба алмашуусуна жардам берип, андан чыккан суунун буусун жана газдарды чыгарат. Начар өткөргүчтүү кездемеден даярдалган кийим өзүнүн астына көптөгөн терди чогултуп, чыгарбай, пайда болгон жылуулукту топтоп организмди ысыкка чалдыктырат. Ал эми муздак кезде терди чыгарбайт, кийимдин ным болушуна, суук тийишине, үшүк урушуна себеп болот. Гигиеналык жактан кийимге керектүү эң жакшысы болуп жүндөн, пахтадан жана башка табигый материалдардан жасалган кездемелер болуп эсептелет. Жайкы кийим күн нурун жакшы чагылдыруучу жеңил, жука болуп, ал эми кышында калың, абаны жакшы өткөрүүчү, кыймылдоого жолтоо болбогон кийим ыңгайлуу.



Мода - деп учурдагы кийген кийимдин, колдонгон буюмдардын үлгүсүн айтабыз. Моданын жакшы жана жаман жактары бар. Көп учурда балдар, өзгөчө кыздар мода - деп жарашпаган кийимди кийип алышат. Модага кызыгуу жаман эмес, бирок моданы түшүнүш үчүн ал жөнүндө көп нерсени билиш керек. Анткени тигил же бул кийим белгилүү учурда, белгилүү жерде кийилет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 2069, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-04-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу