Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын бөлмөсүнүн гигиенасы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын бөлмөсүнүн гигиенасы

Бала төрөлгөндө, мүмкүн болсо, ага бир бөлмөнү, жок дегенде бөлмөнүн бир бурчун бөлүп бериши зарыл, анткени жаңы төрөлгөн баланын тегереги бөтөнчө таза болушу тийиш. Анын себеби бала канчалык жаш болсо, ошончолук микробдордун таасирине сезимтал келет. Айрым аталар баласына жакшы шарттарды түзгөндү көздөп, эне төрөт үйүндө болгуча, үйдү актап сырдап коёт. Үйдү актаганы туура, бирок жаңы боёлгон сырдан химиялык заттар узак убакыт бууланып чыгып, балага терс таасирин тийгизет. Балага бөлмөнү аныктаганда, мүмкүнчүлүк болсо, терезелери чыгышты же түштүк чыгышты караган бөлмө болсо дурус, анткени түшкө чейин күн тийип, бөлмөдө көп жарык болгону балага пайдалуу. Бөлмөнүн ичиндеги температура 20 градустун тегерегинде болушу тийиш. Ошону менен бирге бөлмөдө тынч болуп, ар кандай добуштардын аз болушу жакшы, себеби добуштар эмчектеги балдардын өсүшүнө, өөрчүшүнө терс таасирин тийгизет.

Бала бар үйдө телевизордун, радионун үндөрү басаңдатылат. Баланын бөлмөсү кылдаттык менен тазаланат, чаңы тез сүрүлүп, тактайы таза суу менен бир күндө бир нече жолу жуулат. Бөлмөгө ашыкча кишилердин кириши да туура эмес, анткени алар менен бирге үйгө микробдор сөзсүз келет, ал эми алардын ичинде оору козгогуч микробдор болсо, бала ооруп калат. Деги ымыркай баланын ден соолугуна көп коркунучтар бар экенин билген кыргыз эли бала 40 күн болмоюнча аны эч кимге көрсөтпөйт. Чымын-чиркейлер дагы микробдорду ташыгандыктан, жайында баланын бөлмөсүнүн терезесин даки менен жаап коюу керек. Үй жаныбарлары болсо, аларды да баланын бөлмөсүнө киргизбейт. Баланын бөлмөсүн улам-улам желдетип туруу зарыл.

Жайында терезени же форточканы даки менен жаап, ачып койсо болот, ал эми салкын мезгилде терезе бир аз эле ачылат же баланы башка бөлмөгө чыгарып желдеткенден кийин кайра алып келет. Терезе же форточка ачык болсо, аба түздөн-түз балага тийбеши зарыл. Эгерде эшикте өтө суук, катуу шамал, туман болсо терезе ачылбайт. Үй чоң жолдун боюнда турса, анда баланын бөлмөсү түн ичинде, автомашиналар жүрбөгөн кезде ачылат, анткени алардан чыккан газдар балдардын ден соолугуна зыян келтиришет. Балдардын кийим-кечеги, оюнчуктары, идиш-аягы деги ага керектүү нерселердин баары бат-бат жуулуп, тазаланат. Бала чоңойгон сайын гигиенанын талаптары анчалык катуу болбосо да, тазалык дайыма сакталууга тийиш.

Сайтка жарнама жайгаштыруу