Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Балдарды коомдук мамиле күтүүгө үйрөтүү

Коомдун негизги бирдиги үй-бүлө. Баланын билим алуусу, тарбияланышы, ошондой эле коомдук мамилеге үйрөнүүсү үй-бүлөдө башталат, анткени эң сезимтал биринчи жылдарын бала үй-бүлөдө өткөрөт. Үй-бүлөнүн функцияларын жана ролдорун үйрөнүүнү өздөштүрүүдө ата-эне, бир туугандары, улуулар чоң роль ойнойт, анткени алардын мамилелери, биринчиден абдан тыгыз, экинчиден, үй-бүлөлүк мамилелер өмүр бою үзүлбөй сакталат. Канчалык бала жаш болсо, ошончолук анын кабыл алуусу тез жана терең. Ошондуктан алгачкы жылдардан баштап эле ата-энеси балага мээримин, эмгегин, күчүн аябай, колунан келишинче ага тарбия, билим берсе, убагында үзүрүн көрөт. Айрым ата-энелер «балам чоңойсун, анан аны тарбиялап, үйрөтүп алам, азыр болсо курсагын тойгузганга үлгүрсөм эле болот” дешет.

Бул чоң жаңылыштык! Баланын билим алуусу, тарбияланышы биринчи күндөрдөн эле башталат. Үй бүлөдөгү мамиле - баланын коомдук мамилелерге ээ болушунда чоң фактор. Эгерде бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн ынтымактуу үй-бүлө болсо, бала өзүнүн гана ата-энесин, бир туугандарын, тууган-туушкандарын гана сыйлабастан, өзүнүн теңтуштарына, тегерегиндеги адамдарга да ошондой мамиле жасайт. Ал эми үй - бүлөнүн мүчөлөрүнүн ортосунда чыныгы жылуу мамиле болбосо, анда балага коомдук нормаларды өздөштүрүү кыйын болот. Окумуштуулар мектепке чейинки балдардын башка адамдардан коркоорун бардыгына нааразы болгонунун, же башкаларды кемсинтип, өзүн-өзү ашыкча жогору сезгенинин себеби үй - бүлөдөгү мамилелердин бузулушу экенин далилдешкен. Жаш балдар ата-энесинин жүрүш-турушун туурап коомдук нормаларын үйрөнөт, анткени биринчиден алар эң жакшы көргөн кишилери, экинчиден, үй-бүлөдөгү ата-энесинин бийлигине кызыгат, үчүнчүдөн, аларды бир туугандарынан кызганат.

Тарбиянын тыянагы болуш үчүн ата-эне негизги үч эрежени эстен чыгарбашы керек:1.Ата-эненин жүрүш-турушунун жакшы жактарына баланын көңүлүн бурууга шарт түзүү;2.Ата-эненин жүрүш-турушу айткан сөздөрү менен айкалышып турууга тийиш. “Мен чоңмун, ошондуктан мен баарын жасасам болот, сен кичинекей болгон соң, андай жасаба” десе, бала да эки мүнөздөгү жүрүш-турушка ээ болуп калат. Ошондуктан балага үйрөтүлгөн жүрүш - туруш, сапат чоң кишиде болуусу зарыл.3.Ата-эненин жүрүш-турушунун жакшы үлгүлөрү балага даана, түшүнүктүү болуп, тез-тез кайталанса, анда бала эмне себептен белгилүү аракетти жасаганын билип, өзүнүн жүрүш-турушуна жоопкерчилик менен карай баштайт. Кылымдар бою келе жаткан руханий маданияттын салттары көптөгөн муундардын даанышмандыгынын жемиши. Улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүү, өзгөчө ата-энени сыйлоо, бири - бирине жардамдашып, кыйынчылыкта колдоо аракеттери адеп - ахлактуулуктун эң жогорку көрүнүшү болгон. Меймандостук - кыргыз элинин өзгөчө улуттук белгилеринин бири.

Колунда болгон даамын меймандардын алдына коюу ар бир кыргызды ыйык милдети катары эсептелет. Ардактуу мейманга эң жакшы баалуу шырдак, көрпө, төшөк, куш жаздык, мыкты делген жууркандар төшөлүп, боз үйдүн төрүнө орун салынып берилген. Үй-бүлө турмуш тиричилигинин көптөгөн салттары түрлүү ырым - жырымдары менен чырмалышып кетет. Алсак, төрөлгөн балага жентек берүү, тушоо кесүү өңдүү тойлор, бала төрөлгөндө “азан” чакырып, ат коюу, ырымдап бешикке салуу жана башкалар. Үй-бүлө үлпөттөрүндөгү башкы орундардын бирин үйлөнүү тою ээлейт. Үйлөнүү тоюнун бүткүл ырым-жырымдарынын шарттарын орундоо баардык эле кишинин колунан келбейт. Буларга баалуу кийит кийгизүү, калың, түркүн сеп берүү жана башкалар кирет. Булардан башка да кыргыздардын үйлөнүү тоюнда айылдаштар көпкө чейин унутпай айтып жүргүдөй оюн-тамашаларды: кыз оюнун, аркан тартышуу, айтыштарды жана башка оюн - зоокторду уюштуруу керек болгон.

Азыркы убакытта үйлөнүп жаткан кыздын жана баланын, ата - энелеринин алдын ала сүйлөшүп эки жакка ыңгайлуу шарттарды табышы - жакшы көрүнүш. Үйлөнүү салтынын бир жакшы жагы күйөөсүнүн бардык туугандарынын келинди кезектешип “отко киргизиши” болуп эсептелип, ушундан кийин келин алардын үйлөрүнө эркин барып турууга жол ачылган. Заманга жараша бул салт андан ары өөрчүп, күйөө баланы да келиндин туугандары үйлөрүнө чакырып коноктошуп калышты. Мындай көрүнүш туугандык мамилелердин бекемделишине көмөк болот. Кыргыздардын сөөк коюу салты илгертеден бери өзгөрбөстөн келе жатат. Сөөк коюудагы эң маанилүү салт - аны урмат менен узатуу. Өлгөн адамдын жакын туугандары кандай алыс жерде жүрбөсүн, келип топурак салууга милдеттүү болгон. Жакындарынын буга катышпай калуусуна эч кандай себептер жол берген эмес.

Салттын ушунчалык катуулугуна байланыштуу сөөк чыккан үй-бүлө топурак салууга катышпай калган агайын - туугандары менен байланышын биротоло үзүп коюуга чейин барган. Бирок азыркы учурда бул салт да өзгөрүүдө. Экономикалык кыйынчылыктардын айынан сөөктү узатканга алыс жашаган туугандар келбей калып жатат. Эзелтеден колдонуп келе жаткан салттардын айрымдары жоголуп баратат, бул азыркы жашоо мүнөзүнө жолтоо болгон салттар, мисалы, кызды ала качмай.

Ал эми меймандостук, достукка бекемдик, кырсыкка учурагандарга жардамдашуу жана ушул сыяктуу жакшы салттар сакталып өнүгүүдө. Бир да адам коому нарктуулуктарсыз жашай албайт. Улуттун жана жалпы адамзаттын жашоосу нарктуулуктарсыз уланбайт. Ошондуктан үй бүлөнүн, мектептин, коомдук негизги милдети - балдарда нарктуулукка калыптанууга шарт, өбөлгө түзүү. Анын натыйжалуу жолу - каада салттарды үй-бүлөдө колдонуу. Ал үчүн каада-салттарды тандап алыш зарыл. Тандап алууда төмөнкү нерселерди колдонуу ылайыктуу: - адамдар ортосундагы өз ара мамилени туюнткан каада - салттар; - балдардын курагына колдонууга мүмкүн болгон каада - салттар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)