Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарды эмизүү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарды эмизүү

Жаңы төрөлгөн балага эң ыңгайлуу жана пайдалуу тамак-эненин сүтү, анткени:-эмчек сүтү бардык азык заттарды керектүү өлчөмдө жана катнашта өзүнө камтыйт;-бул сүт балага башка сүттөргө караганда сиңимдүү;-илимпоздордун акыркы изилдөөлөрүнүн маалыматы боюнча бала жугуштуу оорулар менен ооруп калса, эненин сүтүндө ошол ооруну козгоочу микробдорго каршы атайын заттар иштелип чыгат;-бала эмизүү эне менен баланын биримдигине келечекте бири - бирин жакшы түшүнүүсүнө пайдубал түзөт; Эмизүү рефлекси, башкача айтканда баланын эмүүгө жөндөмдүүлүгү тубаса болсо да, ар бир бала эмчекти жакшы ала албайт. Ошол себептен бала төрөлгөнгө чейин эмчекти даярдоо зарыл. Ал үчүн эмчекти мелүүн суу менен жууп, сүлгүр менен бекем сүрүп, аарчышы керек. Эгерде болочок эне шалаакы мамиле кылып, алдын ала чара көрбөсө, анда ар бир эмизээрдин алдында эмчекти жылуу кайнат^1лган суу менен жууп, эмчектин учун бир аз чоөт. Баланы бийик эмес отургучка отуруп эмизүү энеге ыңгайлуу болот. Ошондо эненин тизесинде орун алган баланын башы бүгүлгөн колунун үстүндө, бети эмчектин тушунда жайгашат. Бүгүлгөн кол бирдемеге таянып турса, кол тез чарчабайт Сөөмөй жана ортоңку манжалар менен эмчектин учунун жанынан басса, учу астыны көздөй жылат. Баланын оозуна эмчектин учу менен бирге бир аз эмчектин өзү да кирсе дурус, себеби эмгенде сүттөн башка да жутулган абанын өлчөмү азаят, бала кекиргенде сүттү аз кулгуйт. Эмизээрдин алдында баланын мурунун тазаласа тумчукпайт, эмгенде кыйналбайт. Тамактандыруу убакыты биринчи күндөрү 30 минут, андан кийин азайып 20 минуттан узак болбошу керек.

Антпесе баланын режими бузулушу, эненин эмчеги жарааттанышы мүмкүн. Кээ бир балдар бир аз эмгенден кийин, мемиреп уктап калат. Мындай учурларда аны ойготуп, кайра эмизүү керек. Эмизгенден кийин баланы бир нече минут жутуп алган абаны кекиртиш үчүн тике кармап турушу зарыл, ошондо ичкен тамагын кайра кулгуп салганга жолтоо болот. Анан баланы бир жак капталынан жаткырат, чалкасынан жаткырса кулгуган сүтү менен какап, тумчугуп калышы ыктымал. Адатта жаңы төрөлгөн баланын салмагы 2,5 - 3 кг болсо, анда аны 3 саатта 1 жолу, 4 - 4,5 кг болсо, анда 4 саатта 1 жолу эмизет. Балдардын жекече өзгөчөлүктөрүнө жараша эне эмизүү убакытын тактаса болот, бирок эмизүү бала ыйлаган замат болсо, бала режимге көнбөйт, эненин түйшүгү көбөйөт. Сүттөн башка биринчи күндөрдөн баштап балага күнүнө 50-100 г суу берип турушу зарыл, анткени ал чоң кишидей суусайт. Дененин температурасына дал келген температурадагы кайнаган суу абалыңда эмизүүдөн 1 саат мурун же бир саат кийин берилет.

Үч жумадан кийин балдарга 5 тамчыдан баштап жер-жемиштердин, жашылчалардын ширесин берсе дурус. Эмизүү убагында эне эч жакка шашпай, тынчсызданбай балага гана көңүл бурса, бала да өзүн тынч алып жакшы эмип берет. Аягында айта турган нерсе, баланын биринчи айында көп маселелер болот. Ошондуктан педиатр (балдардын догдуру) менен эне тыкыс байланышта болушу керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1296, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо