Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарды эмгекке тарбиялоо

Балдарды эмгекке тарбиялоо - бул ата-эненин милдети болуп саналат. Балдарды кичинесинен эмгекке үйрөтүү керек. Үй-бүлөнүн материалдык абалына карабастан ар бир баланын үй - тиричилиги, мал чарбачылыгы боюнча өз милдеттери болуусу тийиш. Милдеттер татаал болбосун жана аларды бат, айттырбай аткара тургандай болсун. Балдар өздөрү кызыккан иштерди аткарууга умтулушат. Бирок аны бардык эле ата-энелер колдой беришпейт. Бул учурда эмгекке кызыгуу бошоңдой баштайт. Ошондуктан балдардын кичине болсо да эмгегине баа берип, ынтызарлыгын арттыруу керек. Эмгекке тарбиялоо бул баланын колунан келе турган жөнөкөй иштерден башталууга тийиш. Башынан өзүнүн камын өзү көргөнгө тарбиялап, үй тиричилигине тартуу керек: өз төшөгүн жыйноо, бөлмөнү иретке келтирүү, дасторконду иреттөө, идиш-аяк жууп-тазалоо, кийим-кечени тазалап тартипке салуу, короо-жайды, гүлзарды күтүү, чарбалык иштерге, мал чарбасына кол кабыттт кылуу ж. б. Бара-бара балдардын эмгек милдеттеринин чөйрөсү кеңейе баштайт.

Ата-энелер ар түрдүү эмгек тапшырмаларын бере баштайт: жерди айдап себүү, түшүм жыйноо ж. б. Ар кандай эмгекти баалай билүүгө жана эмгектен качпоого үйрөтүүнүн эбегейсиз мааниси бар. Азыркы экономикалык абалыбызга байланыштуу балдарды айыл чарба жумуштарына катыштырыпжер айдоо, үрөн себүү мал багуу ыкмаларына жатыктыруу, кеңири маалымат берүү абдан маанилүү. Эң жөнөкөй столярдык, слесардык жумштарды билүү да жемишин берет. Үй-бүлөдө эмгекке тарбиялоонун айтып бүткүс жактары көп.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3699, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо