Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдар психологиясынындагы пренаталдык өнүгүү

Баш барак | Психология | Балдар психологиясынындагы пренаталдык өнүгүү

Кыргыз элинде баланын курактык жашын башкалардан айырмаланып, төрөлгөн күндөн эсептебестен, эненин бөюна бүткөн күнүнөн эсептешкен. Этникалык мындай өзгөчөлүк кыргыз элинин акылмандуулугу десе да болот. Анткени көптөгөн илимий изилдөөлөрдө, Россиялык психологдордун берилгендери боюнча баланын курактык жашы, анын төрөлгөн күнүнөн баштап эсептелет. Баланын пренеталдык өнүгүүсү бир нече этаптардан өтүүгө дуушарланат. Адамдын жарык дүйнөгө келүүсү негизинен генетикалык программаланган кубулуштардан турат дегенибиз менен, ар бир конкреттүү баланын төрөлүшү маданий, тарыхый, үй-бүлөлүк шарттардын мааниси менен аныкталаарын айтууга болот. Адамдын жаралышы – бул өзгөчө уникалдуу кубулуш.



Баланын өмүрү, жашоосу төрөлгөнгө чейин, анын уруктануу мезгилинен башталат. Бир жагынан, бала жарык дүйнөгө келгенге чейин, келечек адамдын биологиялык компоненти катары жайгашат. Башка жагынан алганда эненин организминде жайгашкан келечектеги адам өзүнүн турмушу (тиричилиги) менен жашайт, эненин үнү, анын абалы, сырттагы өбөлгөлөр, дүүлүктүргүчтөр, бийик үн, жагымдуу музыка, адамдардын өз ара мамилеси пайда болгон жагымсыз жагдайлар ага таасир этет.



Мындай абал баланын төрөлгөнгө чейинки мезгилинде качан, кандайча пайда болот, - деген суроону түшүндүрүү илимий көз карашта божомолдуу мааниде айтылган. Мүмкүн борбордук нерв системасынын калыптанган мезгилинен же андан да эрте эненин тынчсыздануу абалына байланыштуу, эненин канынын химиялык составынын өзгөрүшү келечектеги адамга таасир этиши да белгиленет. Түйүлдүк мезгилде психиканын өнүгүүсү жөнүндө илимдин башатын таанып-билүү далай убакытты талап кылат.



Психологиялык адабияттарда (58,147-241) курактык өнүгүү психологиясында (27, 70-72) пренеталдык өнүгүү атайын бөлүнүп каралган.Пренаталдык өнүгүү үч этапка бөлүнөт:1.Герминалдык мезгил – учуру, эки жумага созулат. Сперматозоид менен урук клеткасы башка клеткадан айырмаланып, ар бири жарым хромосомдук жыйындыга ээ. Демек экөөнүн кошулушу бир бүтүн хромосомдук жыйынды түзүп жазы организмдин өнүгүүсүн баштайт.



Мындай кошулманы зигота деп аташат.2.Эбрионалдык мезгил – алты жумадан туруп, түйүлдүктүн структуралык өнүгүүсү жүрөт.3.Феталдык мезгил түйүлдүктүн жетилүү учуру, үчүнчү айдан төрөлгөнгө чейинки убакытты камтыйт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1553, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу