Балдар психологиясынындагы окуу жана тарбиянын максаттуулугу

Окутуу психикалык өнүгүүдөн "озуп" алдыда болгондуктан, ал психикалык процесстеридин өнүгүүсүнүн багытын аныктайт, белгилүү психикалык сапаттардык калыптанышын пайда кылып, мурун түзүлгөн сапаттардын кайра түзүлүшүнүн шарты болот. Мектепке чейинки балага ойдун конкретүүлүгү, кабыл алууда бөлүктөргө ажырата албоо, эс менен көңүл буруунун эрксиздиги таандык. Психологиялык изилдөөлөрдө мындай өзгөчөлүктөр белгиленген. Балдар сүрөттөрдү жана заттарды өздөрүнүн тарткан сүрөтүн айрым бөлүктөрүн кабыл алат да, аны толук же айрым бөлүктөрүн бир эле убакта камтып кайра чагылдыруусу мүмкүн эместиги белгиленген.

Мектеп жашына чейинки бала бир нерсе жөнүндө ой жүгүрткөндө, өзүнүн мурунку тажрыйбасынын негизинде өзүнө тааныш заттардын өзгөчөлүгүнө таянат. Мисалы, энеси балага китептен "мышык" деген сөздү окуганда, бала "ал кайсы мышык?", кечээги кичинекей мышыктын энесиби?" – деп сурайт. Мектеп жашына чейинки балдар башкалардын айтканына караганда өзүнө кызыктуу иш аракетте, оюн иш-аракетинде материалды тез эске сакташат.

Кабыл алуунун, ой процессинин, көңүл буруунун, эстин сапаттары баланын жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу каралып, мектепке чейинки окутуунун элементин ага ылайыктоонун зарылчылыгы белгиленген. Бирок психологдордун жана педагогдордун кийинки мезгилдеги изилдөөлөрүндө мындай сапаттар окутуунун адаттагы өзгөчөлүгүнүн натыйжасында пайда болгондугу ачылган. Балдар үчүн тандалган билимдер конкреттүү заттарды жана алардын касиеттерин баяндап айтып берүү менен чектелген, мындай айтып берүү жакындатылган мүнөздө болгон. Берилген материал майда бөлүктөргө бөлүнүп эске сактаганга көп ирет кайталанган. Окутууну өзгөртүү психикалык сапаттардын кайрадан түзүлүшүнө алып келген.

А. А.Венгер, А. В.Запорожец, В. С.Мухина өздөрүнүн изилдөөлөрүндө атайын уюшулган сенсордук тарбия б. а. тарбияны кабыл алуунун өнүгүүсүнө багыттоо, баланы заттардын сырткы касиеттерин текшерүүгө үйрөтө тургандыгын белгилешкен. Кабыл алууда бала заттардын айрым касиеттерин анын бөлүктөрүн жана толуктугун ажыратып көрө билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Акыл тарбиясын туура уюштуруу баланы ойдун конкреттүүлүгүнөн, айлана-чөйрдө кубулуштардын негизги аныктоочу сапатын бөлүп көрө билүүгө, ой жүгүртүп жана өз алдынча корутундулоого мүмкүндүк берет. Балдар бакчасындагы системалуу окутууда балдарда эрктүү көңүл буруунун жөнөкөй формасы, атайын эске тутуу жана тарбиячыны: ынтаа коюп угуу, айткандарын аткаруунун ыгы түзүлөт.

Демек окутуу психикалык процесстердин өнүгүү багытына таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул баланын жаш өзгөчөлүгүн эске албай, окуу иш-аракетин уюштуруу дегендик эмес. Окуу психиканын өнүгүү жолун толук камсыз кылып, ар бир жаш куракта анын өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)